Алматыда 4 жашар баланы сүзүп, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочу изделүүдө
Алматы шаарынын жашоочулары полиция менен бирге 4 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп кетип, үстүн жаап, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочуну издөөдө. Оорудан онтоп, башы канга боёлгон баланы ошол жерден өтүп бараткан аял кокустан таап алган.
Баланы таап алган аял аны видеого тартып, туугандарын издөөгө аракет жасаган. Бул окуя интернет колдонуучуларынын үшүн алды.
Окуя 16-июлда Алматынын Чыгыш айланма автожолунун тегерегинде болгон. Жабыр тарткан баланын ата-энеси социалдык түйүндөрдүн жардамы аркылуу табылды. “Мен жумушка кетип бараткам, балдар короодо ойноп жатышкан. Мен аларга үйгө киргиле деп кыйкыргам. Анан жумуштан мага бул роликти көрсөтүштү, эс-учумду жоготуп койдум. Азыр дагы сүйлөй албай жатам, оор болууда”,-деди атасы Мурат Аскарулы.
Наристе азыр ооруканада комада жатат. Аны жасалма жол менен дем алдырышууда.
Баланы сүзүп кеткен айдоочу алгачкы медициналык жардам көрсөткөн эмес. Ал баланы жабуу менен жаап, бадалдын түбүнө таштап койгон. Наристени таап алган аял дагы, видеону социалдык түйүндөрдөн көргөн казакстандыктар дагы айдоочу кудай алдында жооп берерин айтышууда.
Алматы полициясы шектүүнү таба элек жана 16-июлда болгон жол кырсыгы тууралуу билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05