KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаар ишканаларынын жетекчилери катышкан бүгүнкү жыйында айрым мекемелердин башчыларына оозеки эскертүү берип, ишти тезинен жакшыртууну талап кылды.

Борбордук көчөлөрдө унаа кыймылынын жөнгө салуу жана коомдук жайларда тартипти камсыз кылуу жагынан берилген тапшырмалардын аткарылбай жатканы үчүн шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысына оозеки эскертип, эгер кемчиликтер иштен четтетилбесе, анда катуураак чаралар көрүлөрү айтылды.

Ошондой эле, Соода департаментинин башчысына, шаардык суу чарба мекемесинин башчысына, мэриянын алдындагы долбоорлор менен иштөө бөлүмүнүн башчылыгына да оозеки эскертүүлөрдү берип, ишти жакшыртуу талап кылынды.

Шаар мэри М.Тагаев жыл башында пландалган курулуш иштеринин мөөнөттөрү сакталбай жатканына катуу нааразылыгын билдирди. Айрым мекемелер тарабынан кээ бир көчөлөр эки жолудан казылып, ыңгайсыздык жаралып жатканын, айрым көп кабаттуу үйлөрдө суу жок болуп, тургундар нааразы экенин далилдүү фактылар менен көрсөтүп, кыска убакыттын ичинде кемчиликтерди оңдоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле ишканалар ортосундагы өз ара ырааттуу иш алып барылбай жатканын айтып, аны шаардын кызыкчылыктарына кайдыгер мамиле катары баалады.

Шаардагы жүрүп жаткан иштерди апта сайын өзү текшерүүгө аларын билдирди жана кетирилген кемчиликтер үчүн тартиптик чаралар көрүлө турганы эскертилди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында 147 миллион сомдук көлөмдө инфраструктуралык жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Алар шаар бюджетинен каржыланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13