KELECHEK
rek

Дастан Сарыгулов УКМКга камалды

Дастан Сарыгулов УКМКга камалды

Дастан Сарыгулов Улуттук коопсуздук комитетине камалды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо тууралуу кылмыш иштин негизинде, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу шектүү катары кармалганын, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын аталган мекемеден кабарлашты.

Ошону менен катар УКМК учурда "Камеко", "Кумтөр оперейтинг", "Кумтөр голд", "Центерра голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Сарыгулов "Кыргызалтындын" башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрүн талдап жатканын кабарлоодо.

Мекеменин белгилешинче, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу тергөө мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тегерегиндегилердин бир катар каршылыктарына дуушар болгон. Ошондуктан, быйыл март айында бийликти басып алуу планы "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык иштердин ашкере болушуна жол бербөө максатын көздөгөн деген версия каралууда.

69 жаштагы Дастан Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кыргызалтын" мамлекеттик концернин жетектеп, "Кумтөр" долбоорунун куратору болуп иштеген.

Быйыл жазында оппозиция бийликти басып алууну пландоодо деген негизде бир нече саясатчы УКМКга камалган. Ошол эле кылмыш иш боюнча Дастан Сарыгулов үй камагына алынган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20