KELECHEK
rek

Ички иштер министрине Бурулайдын атасынын пикирин угуу тапшырылды

Ички иштер министрине Бурулайдын атасынын пикирин угуу тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон студент Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев менен көзмөөз жолугушуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министрге соттук-медициналык экспертизанын тыянагын терең изилдөө боюнча да тапшырма берилди.

Абылгазиев Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү өзүнүн көзөмөлүндө экенин жана кылмыш иши аягына чыгаарын билдирди. Ал кыздын өлүмүнө шектүү адам жана башка бардык күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алаарын кошумчалады.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды.

Буга чейин Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылып, мындай кадамын экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүргөн.

Маркумдун ата-энеси, жакындары менен милициянын ортосундагы ача пикир кыздын денесинде "жазуу болгон" деген маалымат менен байланыштуу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53