KELECHEK
rek

Тажик-ооган чек арасында дагы бир көпүрө курулат

Тажик-ооган чек арасында дагы бир көпүрө курулат

2019-жылы жазында тажик-ооган чек арасында Пянж дарыясы аркылуу өтө турган сегизинчи көпүрө курулат. Ал Тажикстандын Фархор жана Ооганстандын Ойхоним районун бириктирет.

Фархор райондук акимчилигинен кабарлашкандай, 180 метрлик көпүрө төрт жылдын ичинде курулуп бүтөт.

«Көпүрөнүн курулушуна Евробиримдик 18 миллион доллар грант бөлгөн. Көпүрө куруу иштери менен катар ал жерден район борборуна бара турган 18 чакырымдык жол дагы оңдолот», - деп билдирди жергиликтүү бийлик өкүлү.

Тажикстан менен Ооганстанды бириктирген жаңы көпүрөнүн курулушу эки тараптуу келишимдин алкагында ишке ашырылат. ​Бул эки өлкөнүн ортосундагы сегизинчи көпүрө болуп калат. Алардын эң чоңу АКШ өкмөтүнүн каражатына курулган Төмөнкү Пянждагы көпүрө эсептелет.

Дарыянын эки жээгинде тең Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода мамилелердин өнүгүүсүнө түрткү боло турган чек ара базарлары бар. Алардын эң чоңу Тоолуу Бадахшанда жайгашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38