KELECHEK
rek

"Сапат" түрк элчисинин айткандарына жооп кайтарды

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеме тараткан маалыматта “Сапат” Кыргызстандын мыйзамы менен иштеп жатканы, Билим берүү жана илим министрлиги да анын түзүүчүсү болуп эсептелээри айтылган.

- "Сапаттын" бардык билим берүү жайлары Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясына ээ жана каттоодон өткөн. Окуу программасы мамлекеттик стандартка ылайык келет жана аны Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен. 1994-жылдан тартып "Сапаттын" окуучулары эл аралык жана жергиликтүү олимпиадаларда 72 алтын, 125 күмүш жана 216 коло медаль алган. Биздин бүтүрүүчүлөр "Google", "Samsung", "Microsoft", "Coinbase", "Deloitte" жана башка сыяктуу дүйнөнүн эл аралык чоң компанияларында иштеп жатат, - деп жазылган билдирүүдө.

13-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркияда 2015-жылдагы окуялардын эки жылдыгына байланыштуу Бишкек басма сөз жыйынын өткөрүп, анда диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылынын өкүлдөрү​ Кыргызстанга коркунуч келтирерин билдирген. "Фетхулла Гүлендин террорчул кыймылынын өкүлдөрү дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар жана ал мамлекеттерде да мындай окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок" деген Женгиз Камил Фырат анын алдында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип​, Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын айткан.

Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек буга каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемеси былтыр “Сапат” болуп өзгөргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда да түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган "Сапат" лицейлерин жабуу зарыл экенин ишарат кылган. Жээнбеков анда "гүленчилер" тууралуу үн каткан эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12