KELECHEK

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени (ФОТО)

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени (ФОТО)

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана сактоо? анын ичинде жашаган жаныбарларга ыңгайлуу шарт түзүү, мурдагы токойду калыбына келтирүү максатында “Парк маршы” акциясы өткөрүлдү.

Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эрмековдун берген маалыматына караганда, аталган акция GIZ Германиялык эл аралык коомунун “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун колдоосунда өткөрүлүп, элге түшүндүрүү, маалымат берүү иштерине долбоор тарабынан 100 миң сом бөлүнгөн.

- Бул иш-чаранын максаты – Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорундагы көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу болуп саналат. “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу 2012-жылдын 12-июлундагы КР Өкмөтүнүн №482-токтомунун негизинде түзүлгөн жана мамлекеттик жаратылышты коргоочу, илимий-изилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Жаңгактын генефонду ушул жерде болгондуктан, жаңгак ушул жерден дүйнөгө таркаган. Кыргыз жаңгагынын аталышы “грек жаңгагы” болуп калып дүйнөгө таанылып жатат. Бирок, грецияга кыргыз жаңгагын Александр Македонский ушул жерден алып кеткендиктен гана ошондой аталып калып жатат. Ошол себептен, биз бул жердеги жаңгактын генефондун, жан-жаныбарларды сактап, келечек муундарга өткөрүп берүүбүз керек. Учурда жаңгак токоюн калыбына келтирүү, корукту тосуу иштери жүрүп жатат. Эң башкысы эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бизге маанилүү болуп турат. Жергиликтүү мамлекеттик администрация менен тыгыз иштешсек, жакшы натыйжасын берет деген ойдомун.

Азыркы учурда токой чарбалардан түшкөн каражаттын баары республикалык бюджетке кетет. Анан ар бир токой чарбанын берген заявкасына ылайык, республикалык бюджеттен токойду коргоо, сактоо жумуштарына акча бөлүнүп берилет. Быйылкы жылы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун имаратын оңдоого 2 млн. сом жана 30 миң еврону да ошол иштерге жумшоону пландаштырып жатабыз. Корукка көчөттөр эгилбейт, токойдун илгерки калыбында сактап калуу максатында иштер жүрүп жатат. Токойдун миңдеген кылымдык тарыхы бар. Азыр бул жерде түлкү, сазан жана канаттуулардын көптөгөн түрлөрү бар. Мурда илбирс, аюудан башкасынын  бардык түрү болгон, - дейт Бакытбек Эрмеков.

“Лесик-Юг” экологиялык уюмунун жетектөөчү адиси Закирходжа Сарымсаковдун берген маалыматына караганда, 2014-жылдан бери GIZ Германиялык эл аралык коомунун жардамы менен долбоор иштей баштады. Бул долбоордун максаты – Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорун сактап калуу болуп саналат. Программанын эң негизги максаты болсо, корукка жакын жерде жашаган эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, анын айланасын тосмо кылып малдардын кирип кетүүсүнөн сактоо.  

- Токойлор узак мөөнөткө элге бөлүнүп берилген. Элибиз токойду кандай пайдаланып жатат? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биринчиден, элдин экологиялык билим деңгээлин көтөрүү зарыл. Ачыгын айтуу керек, элибиз токойдон бир гана алууну максат кылып алган. Токойдон мөмөсүн, чөбүн, мал багуу жайытын пайдаланып коюп, 20 жылдан бери экологиялык баланстын таразасын бузуп койдук да. Программанын натыйжасында мына үч жылдан бери жылыштар болуп жатат. Токойдун 70 гектар жерине тосмону жасап туруп, анан токойду эгүүнү баштадык. Тосмонун ичинен эл чөптөрдү оруунун пайдасын көрө баштады. Ошондой эле, жаңы көчөттөрдүн жашап калуусу 25 пайыздан 75 пайызга чейин өстү. Бул деген токойдун келечегине азыртан баштап кам көрүү болуп саналат. Эл муну көргөндөн кийин программага кирбегендер да ушул ишти колго ала башташты. Түштүк аймагы боюнча 6 токой чарбасы жана “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу да прогрраммага кирди, - дейт З.Сарымсаков.

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Кочкорбай Калдарбаевдин айтымына караганда, коруктун аймагы өзүнө 1223 гектар ядролук зонаны, 1088 гектар буфердик зонаны, 5647,1 гектар корголуучу зонаны камтыйт жана негизинен жаңгак-мөмө токойлорунан турат. Бираз бөлүгүн тоо алдындагы кургак талаалар ээлейт. Корукта 25 гектар жаңгак, 662 өсүмдүктүн түрү бар. Учурда 8 миң гектар корукту сактап калуу керек.

- Корук жаңгак-мөмө токойлорунун жаратылыш комплекстерин сактоо жана калыбына келтирүү максатында түзүлгөн. “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоору “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу менен тыгыз кызматташып, материалдык-техникалык колдоого алып, токойду калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүдө. Акыркы мезгилде корукка эликтер, кийиктер келе баштады. Корук уюшулгандан бери жан-жаныбарлар көбөйүүдө, - деди К.Калдарбаев.

“Парк маршы” иш-чарасына Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын, Арстанбап айылдык аймагынын, “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун, “Арстанбап-Ата” токой чарбасынын кызматкерлери, №50чү Маман Кадыров атындагы орто мектептин мугалимдери менен окуучуллары жана “Лесик-Юг” коомдук уюмунун өкүлдөрү, ЖОЖдун студенттери катышышты.

Аталган иш-чаранын катышуучуларына жаратылыш коругу тууралуу жалпы маалыматтар берилди. Кыргыз жаңгагынын “грек жаңгагы” деп аталып калышынын тарыхында, гректер жоортуулга келип ооруп калышып, жаңгакты жегенден кийин сакайып кетишкен экен. Анан алар жаңгакты Грецияга алып барышып, базарда сатышкан. Ошондон кийин аталышы “грек жаңгагы” болуп аталып калган.

Бул иш-чаранын жылда өтүүсүнө GIZ Германиялык эл аралык коому өзүнүн жардамын берип келе жатат. Алардын көмөгү менен өтө көп жумуштар аткарылып жатат.

“Жаңгак токойлору юр доорунда келип чыккан токой болуп эсептелет. Мунун өтө чоң аянты болгон. Муз доорунан кийин жаңгак токоюнунун сакталган жери Кыргызстан. Ал эми “Дашман” коругунда абдан чоң бөлүгү сакталып калган. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринде табигый өскөн жаңгак токойлору жокко эсе. Башка мамлекеттердеги жаңгак токойлору бул кол менен эгилген, плантация кылган токойлор Кытайда жана башка мамлекеттерде бар. Ал токойлор биздин токойлордой баалуу эмес, алар продукция алуу үчүн гана өстүрүшкөн. “Дашман” коругунун аймагында жогорку тамырлуу өсүмдүктөрдүн 662 түрү табылган. Алардын ичинен 20 түрү Кыргызстанда эндемик болуп эсептелет жана 4 түрү “КР Кызыл китебине” 2007-жылы киргизилген. Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, коруктун аймагында канаттуулардын 80 түрү катталган. Алардын ичинен уялоочуларга 69 түрү кирет, калган 11 түрү азыктануу же миграциялык мезгилдегилер болуп эсептелет. Сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрлөрү: кумай, кара кумай, журтчу, бүркүт, кидик бүркүт, жыланчы, ылаачын, чоң сары үкү, мыкый үкү жана ак канаттуу тоңкулдак. Сүт эмүүчүлөрдөн суусар жана чүткөр. Сейрек кездешүүчүлөргө энот кирет. Булардын баары маалымат базасына киргизилген”, - дейт “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун орун басары Акыл Перкеев.

Арстанбап айыл аймагындагы №50чү Маман Кадыров атындагы орто мектептин жогорку классынын окуучулары токойго жасаган туура эмес мамилени сүрөттөгөн көрүнүштү иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүштү. Акырында анда катышкандарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырып кетишти.

Жаратылыш коругунда кызыл китепке кирген бир канча өсүмдүктөр бар, бирок алар жоголуу коркунучунда турат. Анткени, аталган жаратылыш коругу айылга жакын жайгашкандыктан, антропогендик терс таасирге туш болуп, токойлор менен жайыттар жабыр тартууда. Бул токойлор деградацияга туш болуп, карып, бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыттардын мыйзамсыз колдонулушу био түрдүүлүктү кыскартууда.

“Лесик-Юг” экологиялык уюмунун жетектөөчү адиси Закиржан Сарымсаков “Парк маршынын” катышуучуларына жаңгактын жаңы көчөттөрүн отургузуунун негизги максаты жөнүндө айтып берди. Анын сөзүнө караганда, токойдо табигый жол менен өскөн жаңы жаңгак-мөмө көчөттөрү жокко эсе. Көпчүлүк жаңгактар карып бара жатат. Жаңы жаңгак көчөттөрүнүн өспөй жаткандыгынын негизги себеби анын түшүмү бышканда баары жжергиликтүү тургундар тарабынан жыйналып алынат. Бул жаңгактын табигый жол менен көбөйүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат. Мындан  сырткары, жаңы чыккан көчөттөрдүн айланасы ачык болгондуктан, мал жандыктар чөп менен кошо жеп коюшат. Ошол себептен, жаңы көчөттөрдү питомниктерде отургузушуп, токойдун ачык болуп калган жерлерине жаңы көчөттөрдү отургузуп, айланасын темир тор менен коргоп коюуга туура келүүдө.

Маалыматтар берилгенден кийин, анда келген ыктыярчылар менен мектеп окуучулары коруктун ачык болгон жерлерине жаңгактын жаңы көчөттөрүн отургузушуп, анын айланасын темир торлор менен курчап чыгышты. Мындан сырткары, келгин куштар үчүн уячалар орнотулду.

“Дашман” коругу Фергана кырка тоосунун батыш ийри жантаймасынын Бабаш-Ата тоо тармагынын Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр өрөөндөрүндө жайгашкан. Эң бийик жери 4427 метр деңиз деңгээлинен бийик. Аталган корук Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Түндүк-чыгыш, чыгыш, түштүк-чыгыш тарабына Кызыл-Үңкүр токой чарбасы, түндүк-батыш, батыш, түштүк-батыш тарабынан Арстанбап-Ата токой чарбасы, түштүгүнөн Ачы токой чарбасы менен чектешет.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21

Жалал-Абад облусунда күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалар Россияга...

Жалал-Абад облусунда күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалар Россияга...

Жалал-Абад облусунда бардыгы болуп 600дөн ашык күнөскана бар болсо, быйылкы жылы эле дыйкандар...

АНАЛИТИКА 2017-11-17  16:42