KELECHEK
rek

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйү текшерилди

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйү текшерилди

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында алынган ыкчам маалыматтардын жана соттун токтомунун негизинде, Ноокен РИИБнүн 10-тобунун каттоосунда турган, “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрүнүн жашаган 3 үйдүн даректерине калыстардын катышуусунда таң аткан убакта эрте менен тинтүү жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, операция учурунда “Хизбут-Тахрир” динний экстремисттик уюмуна  тиешелүүлүгүнө шектүү болгон гезиттер жана ДВД дисктер далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Ноокен РИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Ноокен районунун Достук айылынын тургундары буга чейин аялы каттодо турган ал эми өзү (38 жашта) соттолгон дагы бир атуул үй-бүлөсү менен (жолдошу жана аялы) жергиликтүү айылдагы мечитте айыл аксакалдарынын алдында аталган уюмдан чыккандыгын билдирди.

Акыркы убакта Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бул мыйзамсыз уюмдун мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыккандардын саны арбып барат. Ноокен районунда да буга чейин 3 жаран өз эрки менен экстремисттик уюмдан чыгышкан.

Өткөн жыл ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 7 адам бул мыйзамсыз уюмдан өз эрки менен чыкса, быйылкы жылдын  жыл башынан бери 6 ай ичинде 12 атуул адашып калгандыгын сезип, кайрадан туура жолго салттуу ислам динине кайткандыгын мойнуна алып массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык айтып, Хизбут-Тахрир экстремисттик уюмунан чыгууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...

Арстанбап айыл аймагында Базар-Коргон РИИБмүнун 10-бөлүмү, Кыргызстандын мусулмандардын азирети...

Аймак 2016-06-20  13:29