KELECHEK
rek

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким билдирди.

«Дин кызматкерлери өз жеринин тарыхын, ата-бабалардын мурасын билүүгө тийиш. Биздин ата-бабаларыбыз ар түрдүү согуштарды жана катаклизмдерди баштан кечирип, ааламды таануу аркылуу маданиятын жана тилин сактап калган. Өз элинин тарыхын билүү – бөтөн элдин салты менен диний ишенимдерин түшүнүүгө жардам берет», - деди ал.

Күн мурун Гиссар өрөөнүнүн 116 диний кызматкери Душанбедеги Улуттук музейге барган. Буга чейин Душанбе, Вахдат шаарлары жана Варзоб районунун имамдары үчүн экскурсия жасалган. Быйыл төрт миңдей имам-хатиб музейлерге, тарыхый жайларга барууга тийиш.

​Буга чейин тажикстандык имамдар театрга барууга милдеттендирилген.

2014-жылдан тарта Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери бюджеттен айлык акы ала башташкан. Маселен, Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасы 2 миң сомони (220 доллар), имамдар 1,5 сомони (170 доллар), жума мечиттеринин имамдары 800 сомони (90 доллар) маяна алат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13