KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КИЙИНКИ ЖЫЛЫ 10 МИЛЛИОН СОМГО ӨСӨТ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ  КИЙИНКИ ЖЫЛЫ 10 МИЛЛИОН СОМГО ӨСӨТ (ФОТО)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы депутаттык курамга жаңы депутаттын келиши менен башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Депутат Мураталы Тагаев шаар мэри болуп шайланганына байланыштуу мандатын тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан Заттарбек Боронбаев келди. Шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев ага төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.

Сессияда негизинен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу тууралуу маселе каралды. Депутаттар шаардын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга болжолун 338 миллион сом менен жактырышты. Бул бюджеттин быйылкы жылдагы көлөмүнөн 10 миллион сомго көптүк кылат.

- Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга болжолун шаардык кеңештин депутаттары жактырып беришти. Эми биз бул божомолду өлкөнүн республикалык каржы министрлигине тапшырабыз. Ошентип, өлкөнүн кийинки жылдагы өнүгүшүнүн контурлары иштелип чыгылат, - дейт  Жалал-Абад шаардык каржы башкармасынын башчысы Азамат Раматиллаев.

Ошол эле кезде шаардык кеңештин депутаттары шаар казынасын толтуруу, киреше булагын арттыруу, бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келген салыктарды тактоо жана жыйноо багытында бир катар талаптарын коюшту. Эми шаардык каржы башкармасы тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тактоолорду жана толуктоолорду жүргүзүп, ал талаптарды аткарууга тийиш.  

Ошентип, быйылкы 2018-жылга карата шаардык бюджет 328 миллион сом өлчөмүндө бекитилсе, кийинки жылга карата бюджеттин өлчөмү 338 миллион сом деп аныкталды. Ал эми акыркы беш-алты жылдан бери шаар бюджетинин көлөмү жыл сайын 15-20 миллион сомго көбөйүп келүүдө.

Шаардык кеңештин сессиясында депутаттар шаар турмушу үчүн маанилүү делген дагы 7 маселени карашты жана тийиштүү токтомдорду кабыл алышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38