KELECHEK
rek

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз кан тапшырса, ал таза кан тапшырат. Эгерде кандайдыр кызыкчылык менен кан тапшырса, ал өзүнүн кээ бир ооруларын жашырып коюп, кан таза чыкпай калат. Ошол себептен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму акысыз донорлукту колдоп жатат.

Донор – бул белек кылуу, бир адамдын өмүрүн сактап калуу дегенди билдирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жыл сайын 14-июнда кан донорунун бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоону өткөрөт жана бүт дүйнө өлкөлөрү бул күндү активдүү белгилешет.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Капарова, Кыргызстан Улуттук Кызыл ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Зафарбек Абидов, ардактуу донор Тамара Бектенова, ыктыярчы Нурсултан Рустамов маалымат жыйында билдиришти. 

Жалал-Абад облустук кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Капарованын айтымында, облустук кан борбору 50 жыл боюу кан кызматын жогорку деңгээлде өздөштүрүп, Кыргызстандын түштүк аймагынын (Ош, Баткен, Жалал-Абад) шаар-райондорун кан жана анын компоненттери, препараттары менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, миңдеген оорулардын өмүрүн сактап калуусуна түздөн-түз себепкер болушкан. Ал убакта Жалал-Абад шаарындагы кан борбору Ош облустук кан куюу станциясы деп аталган жана түштүк аймагын кан компоненттери менен камсыз кылып келишкен.  Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары өздөрүнчө бөлүнүп кеткенден кийин, Жалал-Абад облустук кан борбору болуп аталып калган.

- Бизлин облустук кан борбору күнү-түнү иштейбиз. Атайын экспедиция бөлүмү бар. Ал жерде кезметчи медайымдар күнү-түнү иштешип, кан компоненттерин чыгарышып, облустун бардык медицина мекемелерин кан компоненттери, препараттары менен камсыз кылып келишүүдө. Жалал-Абад облустук кан борбору качан донор келип кан тапшырат деп күтүп отурбастан, бизде атайын көчмө биригада бар. Облуста кайсы жерде мекеме-ишкана, кайсы окуу жайлар болсо, ошол жерлерге барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен акысыз донорлордун санын көбөйтүп жатабыз. Көпчүлүк мекеме-ишканаларга барганда, биз донор эмеспиз да? Эмне үчүн кан тапшырышыбыз керек? – деген суроолорду беришет. Донор деген ким? Донор – Латынча “donare”, башка адамдарга “белек кылуу” дегенди билдирет. Өзүнүн кичинекей канын белек кылуу менен, бир адамдын өмүрүн сактап калат. Көбү кан тапшырса адамдын өмүрүнө зыяны тиеби? деп коркушат. Донор 300-400 мл.ге чейин кан тапшырса болот. Бул деген физиологиялык доза болуп эсептелет жана ден соолукка эч кандай зыяны жок, себеби адам баласында 4-5 литр кан бар. Кан тапшырса анын пайдасы гана болот. Ошол себептен, донорлорду 2-3 айда бир кел деп айтабыз.

Адамдардан алынган канды жасалма жол менен иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Кандын жалгыз булагы болуп бир гана адам баласы – донор болуп эсептелет.   

Облустук кан борборунда бизге көмөктөшүп ар бир 2 айда кан тапшырып турган 300дөн ашуун активдүү донорлорубуз бар. Андан сырткары, акысыз өз ыктыяры менен кан тапшырган донорлор жана туугандарына тапшырган донорлорубуз  болот. Ар бир донордун канын кан аркылуу жугуучу инфекцияларга текшерүү үчүн жана реактивке кеткен каражаттар болуп 3-4 миңден кем эмес акча сарпталат. 

Донордун каны көп кан жоготууларда, ар кандай автокырсыктарда, табигый жараталыш кырсыктарында, төрөт учурларында, өпкө-жүрөк, ашказан, боор операцияларында, ак кан ооруларында бирден бир алмашкыс керектүү дары. Кандан ар түрдүү кан компоненттери жана препараттары жасалат. Алар: эритроциттардык масса, жаңы тоңдурулган плазма, 3 жана 5 жолу жуулуучу эритроциттардык масса, тромбо, лейко концентрант жана башкалар. Бизде ар дайым запаста текшерилген ар бир кандын группасынан 5-6 литрден болуп, 25-30 литр кан туруусу зарыл. Кандын корунун  20 литрдей калганда тез чара көрүү менен атайын өзүбүздө түзүлгөн бригаданын жардамы менен мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, кан даярдап келебиз. Бир эле келинге 10 литрге жакын кан керек болушу мүмкүн. Кандын запасы ар дайым даяр турат. Кан жок деген сөз болбош керек. Ош-Бишек жолунда көптөгөн автокырсыктар болуп турат. Ар бир аварияда кан жоготуулар болот, - дейт А.Капарова.

Кыргызстан Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Зафарбек Абидовдун сөзүнө караганда, Улуттук Кызыл Ай коому гумандуулукту жактаган уюм болуп эсептелет. Аталган уюм адам жанын сактап калуу, абийирин коргоо максатында өз ишин жүргүзөт. Ар кандай тармакта өз ишин алып барат.

- Ошондой эле, саламаттыкты сактоо тармагында өткөн жылдан баштап активдүү иштеп жаткан  “Кайтарымсыз ыктыярдуу кан тапшыруу” долбоору иштей баштады. Бул долбоор республикалык кан тапшыруу борбору менен биргеликте Швейцариянын Кызыл чырым коомунун каржылоосунда, 2017-жылдын январь айынан баштап ыктыярчы кан тапшыруучулардын санын көбөйтүү максатында өлкөбүздүн бардык облустарында иштеп жатат. Иликтөө иштеринин натыйжасы ушуну көрсөттү, канга болгон муктаждык аябай көбөйүп кетти. Адам жанын сактап калууда медициналык препараттар гана эмес, адамга керек болгон кан аябай актуалдуу болуп жатат. Азыркы күндө долбоор өз натыйжасын бере баштады. Биз ишти баштаганда 3 адам ыктыярчы болсо, азыркы учурда 10дон ашык өз ыктыяры менен кан тапшыруучу адамдар бар.

Бул долбоор Жалал-Абад облустук кан борбору менен биргеликте эки жыл аралыгында ишке ашырылат. “Кайтарымсыз ыктыярдуу кан тапшыруу” долбоорунун негизги максаты – элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү болуп саналат. Долбоордун алкагында мекеме-ишканаларда жана ЖОЖдор менен орто окуу жайларда мааалымат сессиялары өткөрүлүп, эл арасында ыктыярдуу кан тапшыруучулардын санын көбөйтүүгө жардам берет.

Долбоордун ишин жакшыртуу максатында ыктыярчылар кабыл алынган. Ыктыярчылар менен биргеликте жогорку жана кесиптик окуу жайларга, мекеме-ишканаларга барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүттөө, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Сеини азыр берип жаткан бир тамчы каның – кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга жардам берет. Мына ушул түшүнүктү мектеп окуучуларынан баштап, студенттерге, жаштарга жеткирүү багытында иш алып баруудабыз. Азыркы учурда долбоордун экинчи эатабы башталып, анда региондордо айдоочуларга алгачкы медициналык жардам берүү боюнча окууларды өткөрө баштадык, - дейт З.Абидов.

Бул окуя адам затынын коопсуз канга жана кан препараттарына муктаждык маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу муктаж болгон бейтаптарды сапаттуу жана коопсуз кан менен камсыз кылуу үчүн кан донорлорунун маалымдуулугун жогорулатуу кан донорлоруна ыраазычылык билдирүү үчүн себеп болот. Кан компоненттерин жана препараттарын кую өмүрү коркунучта болгон жүздөгөн бейтаптарды сактап калат жана ошону менен өмүрүн узартып, жашоонун сапатын жакшыртат.

Үзгүлтүксүз ыктыярдуу жана акысыз кан берүүнүн негизинде гана керектүү кан запастары менен камсыз кылынат. Бул маселе бүт калкты тартуу жана жыл боюу өз ыктыяры менен акысыз кан тапшырганга даяр болгон донорлордун популяциясын түзүү аркылуу гана аткарылышы мүмкүн. Ошентип, бул жылдын кампаниясынын аталышы кан берүү тилектештик актысы. Бул ыктыярдуу жана акысыз кан берүү системасынын негизин түзгөн адамдык баалуулуктарды камтыган альтуримз, сыйлоо, боорукердик жана мээримдүүлүктү билдирет.

Донор – өмүр белек кылган адам

Ардактуу донор Тамара Бектенованын сөзүнө караганда, 15 жылдан бери өз ыктыяры менен донор болуп, кан тапшырып келе жатат. Медицина мекемеде иштеп жатып, балдар бөлүмүндөгү кичинекей ымыркай балага кан керек болуп калып, ошондо кан тапшырган. Кан тапшырууну бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатат.

-  Донор болуу – бул өтө жакшы нерсе. Донор – бул өмүр белек кылган адам деп эсептейм. Кимге кан берип жатканым боюнча эч кызыккан эмесмин. Негизи бирөөгө кан керек деген максатта биз кан берүү станциясына чуркап келебиз. Бирөөгө жакшылык тилеп, өмүр сактап калган адам эч качан жамандык көрбөйт. Жаштарга кайрылат элем, кан тапшыруу менен сен бирөөнүн өмүрүн сактап каласын. Орозо күнү да келип, төрөт үйүндө бир келинге абдан кан керек болуп калып, канымды тапшырып кеттим. Эртең деле жардам сураса, мен жардамымды аябайм. Мен 15 жыл аралыгында 50 литрден ашык кан тапшырдым окшойт. Бир кан тапшырганда 800 граммдан берем. Бул ден соолукка зыян алып келбейт. Кайра кан алмашып, уйку без, боорго, тамак-аш системасына, организмге  жардам берип, эски клеткалардын ордуна жаңы кан клеткалары пайда болот. Эркек кишилер донор болсо, жүрөк-кан тамыр оорулары менен азыраак оорушат. Карыбайт, жашарып жүрө беришет. Жылына 2-3 жолу кан тапшырам. Ардактуу донор болгондугум үчүн айына 1000 сомдон берилип турат. Былтыртан бери ардактуу донор болдум. Облустук кан борборунун медицина кызматкерлеринин көпчүлүгү өздөрү донор болуп саналышат, - дейт Т.Бектенова.

Биздин ураан: “Башкалар жөнүндө ойлон. Кан тапшыр, өмүрүң менен бөлүш”.

Кан донорлугу – бул өзүнүн канын жана анын компоненттерин, муктаж болуп турган адамдарга куюштуруу жана өз ыктыяры менен берүү. Дүйнө жүзүндө секунда сайын ар түрдүү жаш курактагы, рассадагы, социалдык жаратылышы боюнча ар башка болгон адамдар кан куюштурууга муктаж болуп турат. Сиз дагы ошол нерсеге муктаж болуп калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан донор болуу менен башка бирөөлөрдүн өмүрүн сактап кала аласыз.

Донордун канына кимдер муктаж?

Кан жана анын компоненттери ар түрдүү кырсыктарга жаракат алган жана жабыр чеккендерге, олуттуу өлчөмдө күйүп калууда жана оор жаракаттарды алганда, ошондой эле татаал операцияларды жасоо учурунда, татаалдашып кеткен төрөт учурунда, шишиктер жана кандын оорулары (гемофилия лейкоз) бар оорукчандарга жардам көрсөтүү үчүн талап кылынат. Статистика боюнча жер бетинин ар үчүнчү жашоочусу өмүрүндө жок дегенде бир жолу донордун канына муктаж болот.

Донорлуктун пайдасы

Канды мезгил-мезгили менен тапшырып туруу, организмдеги темирдин санын көзөмөлдөп турууга жакшы шарт түзөт. Ошондой эле ырааттуу түрдө кан тапшыруу организмде жакшы жашаруу “программасын” иштете баштайт. Эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек кездешет, ал эми аялдар менопаузанын башталышын бир нече жылдарга артка жылдыра алат.

Кан тапшырган адамдар, улам жаңыланып турган кандын эсебинен иммундук системасы, боору, уйку бези, тамак-аш сиңирүү системасы туруктуу иштей баштайт . Статистикага ылайык, донорлор орто эсеп менен өзүнүн башка мекендештеринен бир нече жылга узагыраак жашашат. Демек, кан тапшыруу ден соолуктун абалын көзөмөлдөөдөн сырткары, эмоционалдык абал менен шартталат.

Кан алууга караганда, кан берүү алда канча жагымдуу экенин адамдар түшүнүп калышты.

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар.

Ыктыярчы Нурсултан Рустамовдун айтымында, өткөн жылы Сузак райондук ооруканасына 7 жашар кыз түшкөн. Анын бир туугандары аварияда каза болуп калышкан.

– Ошол кызга кан керек болуп калып, Сузак райондук ооруканасы облустук кан борборуна кайрылышат. Кан борбору болсо Улуттук Кызыл Ай коомуна жардам сурап кайрылды. Биз социалдык тармактарга кайрылуу жасап, 15 ке жакын адам өз канын берүүгө макулдугун беришти. Бирок, анын ичинен бир гана кыздын каны туура келди. Кан тапшыруу да – бул садака берүүгө тете иш болот. Ошол себептен, кан тапшырып – бирөөгө өмүр тартуула деп айткым келет, - деди ыктыярчы Н.Рустамов.

Кан донорлоруна коюлуучу талаптар:

Жалал-Абад облустук кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Капарованын  маалыматына караганда, Кыргызстандын 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы, салмагы 50 килограммдан кем эмес, донорлукка каршы көрсөтмөлөрү жок болгон дени сак жарандар кан донору боло алат. Жанында инсандыгын тастыктаган документи болууга тийиш.

Кан берүүнүн алдындагы 72 сааттан тартып канды суюлта турган, аспирин, анальгин, ношпа жана башка ушул сыяктуу дары-дармектерди ичпеши керек. Эгерде кандайдыр бир дары-дармек каражаттары ичилген болсо, кан бергенге чейин донор кан куюштуруу станциясынын медициналык кызматкерлеринен кеңеш алуусу зарыл.

Кан бергенге 48 саат калган убакыттан тартып алкоголду ичүүгө болбойт. Тамеки чекпөө сунушталат. Тамеки чегүү донорлукка каршы көрсөтүлмө болуп эсептелбейт, бирок дарыгерлер кан алынганга чейинки бир саат мурун жана андан кийин бир саат чекпөөнүү сунушташат.

Кан тапшырыла турган күнү милдеттүү түрдө таңкы тамакты ичүү абзел, мында кадамки күнгө караганда суюктукту көбүрөөк ичүү туура болот.

Аялдар айыз күндөрү аяктагандан кийинки 7 күнгө чейин донорлуктан баш тарта турушу керек.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24