KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕҢЕЙТИЛГЕН КӨЧӨ АСФАЛЬТТАЛУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕҢЕЙТИЛГЕН КӨЧӨ АСФАЛЬТТАЛУУДА (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында буга чейин унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы менен эң көйгөйлүү деп эсептелип, шаар мэриясы тарабынан кеңейтилип жаткан Чехов көчөсү асфальтталууда. Бул кеңейтүү иштеринин акыркы этабы болуп саналат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Учурда көчөнү кеңейтүү иштери аягына чыгып, эми асфальттоо иши башталды. Алдыдагы, 3-4 күндүн ичинде жаңыртылган көчө шаар тургундарга кызмат кыла баштайт. Баса белгилеп кетчү жагдай, көчө кеңейтилип гана калбастан, анын четине бетон арыкчалары жаткырылып, тротуарлар кошо курулду.

Унаалардын кыймылы көп болгон Чехов көчөсүнүн тардыгы, анын боюнда соода жайларынын көптүгү буга чейин шаардыктар үчүн далай кыйынчылыктарды жаратып келген. Аталган жолдун четиндеги тротуары да талапка ылайыктуу абалда болгон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Чехов көчөсүн кеңейтүү иштери башталган.

Кеңейтүү иштери аяктаардын алдынан шаар мэри Мураталы Тагаев иштин жүрүшүн жеринде көзөмөлгө алып, иштин талаптагыдай аткарылышын текшерди. Куруучуларга сунуштарын, каалоо-тилектерин билдирди.  

Эске сала кетсек, жолду кеңейтүү иштерин тендерден "СПК адис” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Кеңейтүү ишинин долбоордук наркы 6 миллион 200 миң сом болсо, тендердик наркы 5 миллион 100 миң сом деп бааланган. Анын алкагында жолдун 180 метри 14 жарым метрге чейин кеңейтилиши каралган.

Шаарда ушундай эле негизги Пушкин көчөсү да кеңейтилип жатат. Ал эми шаардагы инфраструктуралык жакшыртуу иштеринин быйылкы жалпы көлөмү 147 миллион сомду түзөт. Анын баары шаардын бюджетинен каржыланууда.   

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13