KELECHEK

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу жылуулуктун 1,5 градус Цельсияга көтөрүлүшү климаттын олуттуу өзгөрүшүнө, жаратылыш экосистемасынын жоголушуна жана көптөгөн түрлөрүнүн  жок  болуусуна  алып келет деген жыйынтыкка келген. Бул жөнүндө  Phys.org пресс-релизинде жазылган, - деп билдирет “ekois.net” сайты.

Аталган интернет сайттын маалыматына караганда, жер климатынын 2 градуска жылышы атмосферадагы циркуляциянын айтылбаган өзгөрүүлөргө алып келүүсү катары эсептелген. Муздардын такай ээриши, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет.

Эсептөөлөргө ылайык,  эгерде 2100 -жылга карата күндүн жылуу тенденциясы сакталган учурда  магполистердин жээктерин суу басат, ошондой эле калктуу аралдар, алардын арасында Мальдива аралы да жок болот. Ошондуктан, 2015-жылдагы Эл аралык  Париж макулдашуусу адамзаты температуранын орточо жогорулашын 1,5 градуска көтөрүлүшүнө жол бербөөсү зарыл.

Климатологдордун жаңы иштеринде, күндүн жылышын ийгиликтүү кармап тургандыгына  карабастан, планетанын кээ бир райондорунда климаттык тобокелдик бар. Мындан сырткары талап кылынуучу көрсөткүчтөргө кантип жетери маанилүү. Эгерде орточо темпуратуранын көтөрүлүшү  кандайдыр бир убакытта 1,5 градуска көтөрүлүп, анан кайра   керектүү ченемге чейин төмөндөсө биосферага, ошондой эле көп түрлөрдүн  жок болушуна кайталангыс зыян келтирет.

Климатты муздатуу  чараларына токойлорду отургузуу жана жердин атмосферасындагы көмүр-кычкыл газынын концентрациясын  төмөндөтүүнүн башка усулдары  кирет. Ошол эле учурда  кээ бир адистер жылуулуктун  башка альтернативдүү түрүнө биологиялык күйүүчү затты колдонуу жөнүндө айтышууда. Бирок окумуштуулар,  темпуратуранын жогорулашын төмөндөтүүнүн бирден бир  эффективдүү  жолу – бул көмүр-кычкыл газдарынын тез жана көп учурда  бөлүп чыгаруусун кыскартуу.

“2017-жылы адистер, адамзаты 2020-жылга парник газдарын бөлүп чыгаруунун санын азайтуу зарыл деген бүтүмгө келди. 2016-жылы Гарвард университетинин окумуштуулары температуранын жогорулашы өтө тез болууда, аларды азайтуу үчүн парниктерден чыккан газдарды азайтуу  менен токтотууга болот  деп жар салды”, - деп жазат 2018-жылдын 8-июнунда «Лента.ру» сайты.

Журналисттер билимин өркүндөтүштү

Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору (РЭЦЦА) тарабынан  ишке ашырылып жаткан Арал деңизинин бассейининдеги  климаттын өзгөрүшү жана алардын алдын алуулары боюнча Программасынын алкагында үстүбүздөгү жылы 28-майдан 30-майга чейин Алматы шаарында «Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема» деген аталышта тренинг болуп өттү.

Аталган тренингтин максаты – Борбордук Азия (БА) өлкөлөрүндөгү   аудиторияга кызык болгон климаттык өзгөрүүлөр жөнүдөгү темаларды сапаттуу жана кеңири   толук кандуу өлкө региондоруна жеткирүү, ЖМКнын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн  жогорулашына  көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Алматыда өткөн тренингке  Борбордук Азиянын 5 өлкөсүнүн – Казахстан, Кыргызстан,  Таджикистан, Түркменистан жана Өзбекистан ММКларынын журналисттери жана кызматкерлери катышты. “Тренингдин программасы алдын ала жүргүзүлгөн эки топту – журналисттер жана эксперттерди түзүп, алардын бири-бири менен эффективдүү кызматташуусун изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан”, - дейт медиа-тренер Ирина Чистякова.

Тренинг Борбордук Азия өлкөлөрүнүн  журналисттери жана гидрометеорологиялык кызматтын өкүлдөрүнүн  жалпы сессиясы менен башталды.  Эксперттер  журналисттерге өлкөлөрдөгү климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан  көйгөйлөрдүн абалы жөнүндө айтып беришти.  Андан кийин, биргелешкен сессиянын  катышуучулары  алардын эффективдүү  өз ара аракеттенүүсүнө түрткү берүүчү  жана  тоскоол болуучу факторлорду талкуулашты.

Эксперттер  журналисттердин жок дегенде базалык деңгээлде  климаттык өзгөрүүлөрдүн көйгөйлөрүн такуулоону, материалдарды жаратууда ар тараптуу позицияларды эске алуу менен алардын оюн жана убактысын баалоону билүүсү зарыл экендигин баса белгилешти.  Ал эми журналисттер эксперттерден алардын компетенттүүлүгүн жана ачыктыгын күтүп жатканыдыгын жана климаттык өзгөрүүлөр жөнүндөгү көйгөйлөрдү жеткиликтүү жана түшүнүктүү тил менен айтып берүүсүн каалашарын  айтышты.

Биринчи эле күнү журналисттер климаттын өзгөрүүсү боюнча мамлекеттер аралык эксперттер группасынын (МГЭИК) ишмердүүлүгү жөнүндөгү фильмди көрүштү жана скайп аркылуу дүйнөлүк денгээлдеги окумуштууларды жана жетектөөчү адситерди бириктирген  авторитеттүү эл аралык уюм МГЭИКтин коммуникация жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Джонатан Линнге суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты.

Окуу сессияларында экологиялык көйгөйлөрдөгү маалыматка түрткү болуучу жана башка актуалдуу темалардагы айкалыштыктарды табуу, ошондой эле   климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрү боюнча журналисттик материалдардын сапаттуулугунун критерийлери  талкууланды.

Тренингдин экинчи күнүнүн биринчи жарымы климаттык өзгөрүүлөрдүн көйгөйлөрү боюнча мультимедиалык контент түзүү технологияларын үйрөнүүгө багышталды.  Катышуучулар  теманы тандоо жана болгон фактылар  белгилүү форматтарды тандоосуна таасир берүүсүн, климаттык өзгөрүү көйгөйлөрү боюнча конкреттүү максатуу аудиторинын маалыматтык талаптарын эске алуу менен мультимедиалык концептилерди иштеп чыгуу- геймификация элементтери менен жана «Мультимедийный бариста» медиа-оюну менен талкууланды.

Программанын окуу бөлүгүн «Климаттын өзгөрүүсү: журналистика менен эмне болот?»  деген темада  илимий журналист, ИТМО «Илимий коммуникация» онлайн курсунун окутуучусу, «Коммуникациялык лабораториянын» эксперти, «Переменная» долбоорунун редактору Ольга Добровидова мастер-класс өткөрдү.

Үчүнчү күнү РЭЦЦА тарабынан уюштурулган медиа-тур өткөрүлдү, Казахстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар  боюнча комитети – АГЭУ ГУ «Казселезащита» менен биргеликте уюштурулду. Журналисттер суунун өлчөмүн жана ылдамдыгын жөнгө салууну жана Алматы шаарын өзгөчө кырдаалдарда сел коркунучтарынан  коргоону камсыздоочу  эки бийик тоолуу гидротехникалык объектилер менен  таанышып чыгышты.

Исфара жана Аспара сууларына пилоттук  изилдөө жүргүзүлдү

Алматы шаарында өткөн «Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү – ММКлар үчүн актуалдуу тема» деген аталышта тренингке эксперт катары катышкан Потсдам  климаттык өзгөрүүлөрдү  үйрөнүү  институтунун  адиси (Potsdam-Institut für Klimafolgen for schung, PIK — өкмөт тарабынан каржыланган, климаттагы глобалдык өзгөрүүлөр тармагындагы маселелер менен машыгуучу немецтик илимий-изилдөө Институту) Анастасия Лобанова климаттын өзгөрүүсү Борбордук Азия мамлекеттерине кандай таасир бере тургандыгы боюнча бир нече суроолорго жоопторду берди.

 - Климаттын өзгөрүүсү Борбордук Азия регионунда кандай таасирин тийгизет?

- Борбордук Азияда суу ресурстары  боюнча маселелер  аябай орчундуу экендиги кызыктуу. Суу ресурстары  бул жерде саясий, социалдык жана экономикалык  туруктуулуктун негизи. Борбордук Азияда  регионалдык  экологиялык  борбор (РЭЦЦА) менен кызматтык  байланышта  болгонубузга кубанычтабыз. Биз Исфара жана Аспара сууларынын бассейиндеринде пилоттук  изилдөөлөрдү жүргүздүк. Бул эки дарьянын суу ресурстары жана чыгымдарынын климатына гидрологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири  айыл чарбасына  кандайча таасир берет?

Келечекте боло турган тобокелдиктер кандай өзгөргөндүгүнө да баа бергенбиз. Казахстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө  барып, биз  гидрометеорологиялык борборлордун  кызматкерлери менен жолугуштук. Биз алардан климаттык проекцияларды алууда жана алардын климатка таасир берүүсүн баалоодо, климаттык ресурстар боюнча маселелер пайда болгондо, суу ресурстар көлөмүн аныктоодо кандай технологиялык жана методологиялык  кыйынчылыктар  пайда болууда? деп сураганбыз.

Алынган маалыматтарга ылайык, биз  РЭЦЦА менен биргеликте   квалификацияларды жогорулатуу программасы боюнча долбоор иштеп чыктык.  Бул багыт боюнча бизде үч фаза: бул 5 өлкө катышкан  жалпы семинарлар.  Башта биз  климатикалык проекцияларды кантип алуу керек, кайсыл жерден  өткөрүп алса болот, кантип кайрадан түзүү, стат анализ жүргүзүү боюнча  лекцияларды өткөрөбүз. Мындан ары катышуучулар  алынган проекцияларды  иште колдонууну,  климаттык өзгөрүүлөр  суу ресурстарына  кандай таасир берүүсүн  гидрологиялык моделдештирүү боюнча семинар өткөрүлөт.

Борбордук Азияда жаан-чачынды климаттык  моделдештирүү  боюнча чоң көйгөй бар.  Европада, бул жумуш жакшы жолго коюлган, ал жерде олуттуу көйгөй жок, бирок климатты моделдештирүүгө байланыштуу белгисиздик бар. Бирок, кээ бир региондордо  моделди көрсөткөн  конкреттүү  тренддерди көрүүгө болот. 

2050-жылга  проекцияларды  алуу үчүн  биз  физикалык формулаларга негизделген  моделдерди колдонобуз. Ал жерде компененттер аябай көп. Глобалдык  циркуляциялык  моделдер океан жана жер пайдалануу компоненттерин камтыйт. Глобалдык  моделдер  аябагандай чоң көлөмдө, же чоң мастштабдагы проекциялар. Мындайча айтканда аймактарга маалыматтарды пайдалануу үчүн климаттык моделдер колдонулат. Учурда  Борбордук Азия регионунда глобалдуу моделдерден маалыматтарды аймакташтыруу  боюнча Турциянын илимий тайпасы  иштеп жатат. Мындайча айтканда  жалпысынан  региондордо проекция (Проекция - нерсенин тегиздик бетине эреже сактап түшүрүлгөн сүрөттөлүшү) жетишсиз. Кээ бирлер жаман сапатта, бул багытта көтпөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүү  жана иштөө керек. 

- Кыргызстанда мөнгүлөрдүн абалы боюнча кандайдыр бир изилдөөлөр барбы?

- Мен бул маселеге кайрылбагамын. Бирок мен окуган илимий иштерде, Борбордук Азиянын ар түрдүү региондорунда мөнгүлөрдүн ээрип жатканы, алардын аянты чындыгында азайып кеткендиги  айтылат. Бул 60-жылдардан баштап деп көрсөтүлгөн. Климат өзгорүүдө, ал ар бир натуралдык зат катары  санаксыз мөңгүлөр да өзгөрөт, азаят- жана дагы өсөт. Азыркы учурда Борбордук Азияда, Кыргызстанда  байкоо жүргүзгөндөр өтө аз болгондуктан баалоо кыйынчылыкты жаратууда, - деди А. Лобанова.

Эксперт Лобанованын айтымында, Европа региондорунда  мөңгүлөрдү изилдөө  байыртадан жүргүзүлүп, кеңири байкоо торчосу бар. Мындай региондордо мөңгүлөр башта байкалбаган ылдамдыкта тез азайып бара жатат. Бирок, Борбордук Азияда мөнгүлөрдүн ээришинин көлөмү жөнүндө  маалыматтар жок.

“Сөзсүз көйгөй бар, бирок келечекте абал жакшырат деп ойлоймун. Борбордук Азияда изилдөөлөргө Европадан коллегалар тартылган, өзгөчө мөңгүлөр боюнча маалыматтарды спутник аркылуу жыйноо боюнча жаңы техникалар бар” – дейт эксперт А.Лобанова.

Анархан Жаңыбаева, Бишкек-Алматы-Бишкек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21