KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР МЭРИ КУРУЛУШ ИШТЕРИН ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ БҮТКӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР МЭРИ КУРУЛУШ ИШТЕРИН ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ БҮТКӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев муниципалдык курулуш уюмдарынын жетекчилеринен быйылкы башталган жалпы инфраструктуралык жакшыртуу иштеринин жыл аягына чейин бүткөрүлүүсүн талап кылды. Эгер курулуш иштери бүтпөй калса, тийиштүү жетекчилер кызматынан кол жуушу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар башчысынын мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйынында М. Тагаев быйылкы инфраструктуралык жакшыртуу иштерине шаар бюджетинен 147 миллион сом бөлүнгөнүн, ушул көлөмдөгү курулуш иштери башталганын, бирок алар толугу менен күзгү аба-ырайы бузулганга чейин бүткөрүлүшү зарылдыгын айтты.

-Башталган иштер шаарыбыз үчүн, шаар тургундары үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан азыркы тапта бир күндү да текке кетирбей курулуш иштерин эпкиндүү жүргүзүү зарыл. Күз кандай келерин, аба-ырайы кандай болорун алдын ала билбейбиз. Иштердин бүтпөй калышына эч кандай шылтоо болушу мүмкүн эмес. Бардык иштер өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү зарыл. Эгер кайсы бир участоктор иш бүтпөй калса, анда тийиштүү жетекчи кызматынан кетиши зарыл, - деди ал шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине.

Айрым курулуш тармагынын жетекчилери кээ бир учурларда иштин жай жүрүп жатышына тендердик сынактар себеп болуп жатканын, себеби жарыя берилген соң, сынакка катышуучу уюмдардын жок болуп калышы иштин мөөнөтүн узартып жатканын белгилешти.

Шаар мэри айрым курулуш участкаларында иштин себепсиз эле жай жүрүп жатканын сынга алып, тез аранын ичинде активдүүлүктү арттырууну талап кылды.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13