KELECHEK
rek

Кочкор-Ата шаарында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Кочкор-Ата шаарында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү саат 08.00 чамасында  Кочкор-Ата шаарынын  милиция  бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө телефон аркылуу, Кочкор-Ата шаарындагы көчөлөрдүн биринде жолдун четинде бир адам жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, маалыматты териштирүү  максатында Жалал-Абад ОИИБнын Кылымыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен  биргеликте Ноокен РИИБнүн ыкчам тобу окуя  болгон  жерге барып, ал жерде кароо жүргүзүлгөн учурда, жашы болжол менен  30-35  жаштардагы, азият улутундагы жарандын сырткы көрүнүшүндө жараты жок эркек кишинин  жансыз денеси табылган. Аталган факт боюнча табылган өлүктүн өздүгүн аныктоо максатында  соттук медициналык жана соттук биологиялык экспертизалар жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, табылган өлүк Ноокат районунун тургуну 30 жаштагы М.М экендиги аныкталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында  ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын тургуну 26-жаштагы А.Э аттуу кармалган. Шектүү кылмышкерден сурак алган учурда, ал өзүнүн жээни С.Д жана Э.С аттуу балдар менен  каза болгон жаранды Кочкор-Ата шаарынын аялдамасында жолугуп калышып, бирге олтуруп спирттик ичимдигин ичип олтурушуп С.Э жана Б.М.сөз талашып чыр-чатакка айланып Б.Мны уруп тепкилеп жолдун бир четине таштап кетишкедигин көрсөткөн.

“Азыркы учурда кылмышкерлер  күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Ноокен районунун соту тарабынан санкция берилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми кылмышкерлердин  шеригин  издөө максатында учурда тергөөамалдары  жана ыкчам иликтөөлөр  улантылууда”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...