KELECHEK
rek

Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталды

Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталды

Ашхабаддагы көчө соодасы (архив сүрөт)

Ашхабад базарларында мыйзамсыз акча алмаштырууга жана доллар менен соодалашууга каршы күрөш башталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазды.

«5-июлда борбордогу бир нече базарда текшерүүлөр жүрүп, айрым учурларда кээ бир адамдар жеке тинтүүгө алынышты», — деп билдирди булак.

Басылманын Дашөгүз шаарындагы кабарчысы дагы аймакта мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталып, мындан улам айрым ишкерлер банкротко кептелишкенин кабарлады.

Өкмөттүн 5-июлдагы жыйынында борбордо мыйзамсыз доллар саткан адамдардын тобу кармалгандыгы айтылган.

«Ашхабаддагы «Чандыбил» базарында тиричилик техникасын саткан дүкөндүн ээси кардарлардын бирине чет өлкөдөн алып келинген товарлар доллар менен сатыла турганын айткан. Андан кийин Түркмөнстанда доллар менен соодалашууга болбой турганы айтылып, бир нече дүкөнгө мөөр басылды», - деп билдирди басылманын булагы.

Анын айтымында, «Русский базар» жана «Мир» базарларындагы бардык соодагерлерден «Эгер доллар менен соода кылсам, кылмыш жоопкерчилигине тартылууга макулмун» деген тилкат жаздырып алышкан.

Андан тышкары аларга эгер доллар менен соода кылуу маалында колго түшсө, анда дүкөндөрү менен товарлары конфискациялана турганы эскертилген.

Бирок жергиликтүү байкоочулар түркмөн мыйзамдарында мындай нормалар жок экенин белгилешүүдө. Алардын айтымдарында, мыйзамда чет өлкөлүк валюта менен алгачкы бир нече жолку соодалашуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...