KELECHEK

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар айылдарында жана Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында уран калдыктары көмүлгөн бир нече участоктор бар. Бул уран калдыктары бизге Союз учурунан калган “белек” болуп саналат.

Азыркы учурда бул жерлер бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Орто Азия чөлкөмүнө өзүнүн коркунучун жаратып келүүдө. Климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жылуулук, ар кандай жаратылыш кырсыктары уран калдыктары көмүлгөн жерлерде коркунучту жараткандыктан, аны адам жашабаган коопсуз жерге көчүрүп, кайра көмүү чоң каражаттарды талап кылат. Экономикасы ортосар болгон өлкөбүздүн бул ишти жасоого чама-чаркы жетпейт. Буга Эл аралык коомчулуктун жана башка кошуна мамлекеттердин да көмөгү талап кылынат.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында 23 калдык сактоочу жайы (жалпы көлөмү 2 млн. куб метрге) жана 13 тоо кен калдыгы (жалпы көлөмү 1 млн. м3) уран өндүрүштөрүнүн калдыктары жайгашкан. Бул жерде 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уранды иштетип келишкен. Жыйырма жыл ал заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине көмүлгөн. Союз урагандан кийин, калдыктар көмүлгөн жерлер кароосуз калгандыктан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы Токтомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Майлуу-Суу шаарындагы эски изолит заводунун имараты.

Ал эми Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын аймагында Союз учурунда эле көлөмү 700 миң метр кубду түзгөн 8 начар радиоактивдүү кен калдыктары жайгашкан. Биз сөз кылып жаткан калдыктар сакталган дөбөчөлөр 1946-1967-жылдары ушул жерде уранды иштеткен шахтадан чыккан. Кен калдыктарынын ичинен алтоо айылда, экөө айылдын сыртында 5-6 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми №2,3, 4, 5, 6,7 калдыктар үйлөргө, мектепке жакын жайгашкан.

Ал эми Сумсар айылында үч калдык сактоочу жай жайгашып, көлөмү 4 млн. м324 га жалпы аянтты түзөт. Бир нече металл кендерин өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кен казып алуу алуу комплекси Сумсарда 1951-жылдан тартып 1978-жылга чейин иштетилген. Ал эми 1952-57-жылдар аралыгында №1,2чи калдык сактоочу жайлары жабылган, №3чү калдык сактоочу жайы калыбына келтирилген (рекультивацияланган) эмес. Негизги курамын оор металлдардын туздарынын (коргошун, цинк, кадмий, сурьма) калдыктары түзөт. Учурдагы калдык сактоочу жайлардын абалы канааттандырарлык болгону менен жаан-чачын мезгилде гидротехникалык курулмалар жуулуп, аңра пайда болуп, технологиялык жолдору бузулууда.

Кызыл-Жар - 12 калдык сактоочу жайы.

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын аймагында эки кен калдыгы бар. Бул кен калдыктары шаарчанын батыш тарабында 1 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган обьектилерде 1949-жылы чалгындоо иштери башталып, 1967-жылдарга чейин уран калдыктары өндүрүлгөн. Бул жерде калдыктардын жалпы көлөмү 37 миң метр кубту түзөт. 

Өткөн жылы “Жалал-Абад облусундагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги экологиялык абалы жана анын адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири” деген аталыштагы долбоор жазылып, Интерньюс уюмунун каржылоосу менен 2017-жылы журналисттик иликтөө ишке ашырылган. Долбоордун алкагында: “Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары экологиягы жана адамдардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизүүдө”, “Уран калдыктарынын арасында жашаган шекафтарлыктар шахтанын ичинен чыккан сууну ичишет”, “Сумсар айлындагы калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулат”, “Кызыл-Жар-12 уран калдыгы сакталган жер эч бир министрликке карабайт” аталышындагы журналисттик иликтөөлөр “Аймак”, “Взгляд” гезиттерине басылып, “kogart.kg” Интернет сайтына жарыяланып, Жалал-Абад облустук мамлекеттик ТВсынан көрсөтүлгөн болчу.

Арадан бир жыл убакыт өтүп, учурда уран калдыктары көмүлгөн жерлерде кандай иштер аткарылып жаткандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин директору Дамирбек Кушбаковго бир нече суроолор менен кайрылган элек.

Анда эмесе КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин башкы адиси Абдыраев Алтыбай Ниязовичтин жообун окурмандарга сунуш кылабыз. 

Сумсардагы калдык сактоочу жай, 27.04.2017-жыл.

- Алтыбай Ниязови, азыркы учурда Майлуу-Суу шаарында, Шекафтар, Сумсар айылдарындагы  уран жана тоо кен калдыктары көмүлгөн жайларда кандай иштер аткарылып жатат?

- КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен ищтөө боюнча агенттиги Майлуу-Суу шаарындагы жана Сумсар, Шекафтар шаарчаларындагы  калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө Сиздердин суроолоруңуздар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Майлуу-Суу шаарындагы жана Сумсар, Шекафтар шаарчаларындагы  калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын коопсуздугун камсыздоо максатында  2018-жылга карата Агенттиктин болжол иш мерчеми белгиленген тартипте түзүлүп,  Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашылып бекитилип, жумуштар башталган. Учурда аталган объектилерде биринчи кезектеги авариялык калыбына келтирүү жумуштары улантылууда. Тактап айтсак, Сумсар шаарчасындагы №2 жана №3 калдык сактоочу жайларында  суу сел өткөзүүчү каналдар, сел топтоочу жайлар, технологиялык жолдор калыбына келтирилди. Ошондой  калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарга коопсуздук эскертүү белгилери орнотулду.

Ал эми Майлуу-Суу шаарындагы объектилерде калыбына келтирүү жумуштары,   суу сел өткөзүүчү каналдарды, сел топтоочу жайларды тазалоо, калдык сактоочу жайларга баруучу технологиялык жолдорду оңдоо иштери улантылууда.

Азыркы учурда радиациялык-коркунучтуу экологиялык кырсыктардын пайда болуусундагы тобокелдигин төмөндөтүү жана аймактарда жайгашкан радиоактивдүү калдыктардын экологиялык жагдайын жакшыртуу  максатында, эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Шекафтардагы калдык сактоочу жайы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 564 буйругу менен жактырылган  “МС4.01/14 - Орто Азиядагы CRIS №NSI/2014/032197 (Майлуу-Суу) жогорку кооптуулуктагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын башкаруу жана ремедиациялоо” улуттук долбоорун Консорциум (подрядчик)  «Wisutek» компаниясы ишке ашырууда.

Ушул долбоордун алкагында Майлуу-Суу шаарында, калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын аймактарында радонду өлчөө боюнча  атайын приборлор орнотулуп, көзөмөлдөө-байкоо жумуштары алып барылууда. Ошондой эле, Кой-Таш, Изолит жана Тектоник жер көчкүлөрүнө  изилдөө, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, Европа Биримдигинин Миң-Куш жана Шекафтар шаарчаларындагы мурдагы уран өндүрүштөрүндөгү KG 4.01/11-12 «Объектилерди реабилитациялоо боюнча айлана – чөйрөгө тийгизген таасирлерге жалпы баа берүү» жана «Техникалык-Экономикалык Негиздеме” долбоору, КР Өкмөтү тарабынан жактырылып, Эл аралык «ВИСУТЭК» Корпорациясы тарабынан долбоор (2015-2017жж.) ишке ашырылды. Учурда Шекафтар шаарчасынын аймагындагы уран кен калдыктарын коопсуз жайга, сыртка көчүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуусуна” ылайык, каржылоо маселеси  боюнча иш чаралар жүрүп жатат.

-  Ал эми эч бир мекемеге карабаган Таш-Көмүр шаарындагы уран калдыгы көмүлгөн жер кайсы мамлекеттик  органдын карамагына өтө турган болду?

- .Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы Кызыл-Жар №12 уран кен калдыгын ӨКМнин карамагына өткөзүп алуу боюнча документтер даярдалып, тиешелүү министрликтер менен макулдашылып, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда турат.

- Глобалдык жылуулук уран жана тоо кен калдыктары көмүлгөн жайларга өзүнүн кандай терс таасирин тийгизет? Бул боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү?

- Глобалдык жылуулуктун калдык сактоочу жайларга жана кен калдыктарга тийгизген таасири боюнча изилдөө жумуштары Агенттик тарабынан жүргүзүлгөн жок.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары.

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2748

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2850

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2884

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2892

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө...

ИНТЕРВЬЮ 2018-06-18  01:16

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-05-11  14:00

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча...

ИНТЕРВЬЮ 2018-01-08  14:55

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33