KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн бардык бийлик бутактарын биргелешип иштөөгө чакырды. Ал коррупцияга каршы күрөш, бюджет, салык, бажы чөйрөлөрүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана сот реформасын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө токтолду.

Жолдорду жана инфраструктуралык объектилерди курууну, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын реформалоону улантуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.  «Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында анын демилгеси боюнча ачылган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын банк эсебине басым жасады. «Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат! Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат». 

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы парламент депутаттарына шайлоочулар менен жолугушуулардын жемиштүү болушун каалады

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12