KELECHEK
rek

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында бош убактыларын туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барбоого таасир көрсөтүү иш-чараларын уюштуруу үчүн мамлекеттик социалдык заказга сынак жарыялады.

Бул тууралуу Кочкор-Ата шаардык мэриясынын вице-мэри Немат уулу Жайнак  жана шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Турдуматова Чыныгүл Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Шаардык мэриянын вице-мэри Немат уулу Жайнактын сөзүнө караганда, «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү» КР Мыйзамын ишке ашыруу  максатында жаштардын проблемасын тандап алышкан. Жаштарды кылмыштуулуктан алыстатуу, алардын бош убактысын натыйжалуу пайдалануусуна шарт түзүү, жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында тандап алышкан. «Социалдык заказ боюнча бирини жолу долбоор ишке ашып жатат. Ошондуктан, бул долбоорду жакшы ишке ашырып алууну көздөп жатабыз», - дейт вице-мэр.

Кочкор-Ата шаарындагы калктын саны – 17 080, кожолуктун саны – 4550, эркек -  8030, аялдар – 9050, 7-18 жашка чейинкилер – 5000.  Шаарда 4 мектеп, 3 бала бакча, бир оорукана, бир базар, 20 социалдык мекемелер, 23 мекеме-ишканалар бар. Шаардын аянты – 4,85 чарчы километрди түзөт.

Шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Чыныгүл Турдуматованын айтымында, эки миңдей жаш балдардын арасынан жүз кырктайы кооптуу топко кирип, шаарда балдар-өспүрүмдөрдүн арасында мектептер, коңшу айылдар аралык мушташуулар, массалык урушуулар, мектеп ичиндеги, мектептер аралык рекетчилик сыяктуу кылмыштардын артынан аллар шаардык ички иштер бөлүмүнүн каттоосуна түшүп жатышат.

«Мамлекеттик социалдык заказ» деген эмне?

- Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) - республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми. «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруу максатында биз жаштар проблемасын алганбыз.

Алгач калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо боюнча изилдөөлөр өткөрүлдү. Шаардагы 12-18 жаштагы жаш өспүрүмдөр чогултуп, алардын социалдык көйгөйлөрү жана коомдук пайдалуу максаттары жөнүндө жарандардын жана уюмдардын сунуштары боюнча маалыматтык базасы түзүлдү. Анан бир жылдык МСЗ  программасы түзүлдү, шаардагы 7 кварталды кыдырып жүрүп коомдук талкуулоо өткөрүлдү жана алардын сунуштары алынды. Шаардык кенештин сессиясында МСЗ программасы каралып, бекитилди.

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду аткарууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жарандык коомдон Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо тууралуу жарыя 2018-жылдын 9- июнь күнү ММК берилди.

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сунушталат. Бир коммерциялык эмес уюмдан бир талапкер сунушталышы мүмкүн. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлер боюнча сунуштарды берүү мөөнөтү 2018-жылдын 25-июнга чейин. Сунуштар тандоо жөнүндө жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Программанын аталышы: КР “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү» КР мыйзамын Кочкор-Ата шаарында ишке ашыруу.  

«Кочкор-Ата шаарынын 12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөр арасында бош убактыларын туура эмес  пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барбоого таасир көрсөтүү иш-чараларын уюштуруу» аттуу темага мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого жарыяланган конкурс тууралуу кулактандыруу ММК берилди.

 Долбоордун максаты: 12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөр (саны-2000)  арасында бош убактыларын туура эмес  пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка,чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барбоого таасир көрсөтүү иш-чараларын уюштуруу. 

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү:

Кочкор-Ата шаарында 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы саны – 2000 бала. (калктын 12%). Алардын ичинде кооптуу топтогу (дети риска) балдардын саны 140. Балдар арасында мушташуулар, массалык уруштар, рекетчилик сыяктуу кылмыштардын себенинен шаардык ички иштер бөлүмүнүн каттоосуна алынып жатышат. Балдар-өспүрүмдөр бош мезгилин туура эмес пайдалануусунун натыйжасында  кылмыштуулук, укук бузуучулук, зордук-зомбулук, уруш-мушташуулар, чыр-чатактар күч алууда.

Бул көйгөйдүн жаралышына балдардын ата-энелери да себепчи, анткени ата-эне өз укугун жакшы билип, баланын укугун жакшы өздөштүрүп, мектеп менен тыгыз байланышып, балага туура көзөмөл жүргүзсө, туура тарбия берсе мынчалык көрсөткүч өсмөк эмес. Окуя болгонуна карабастан, ата-эне арыз менен керектүү органдарга кайрылбай, кылмышкердин акчасына сатылып же башка себептер менен арыз жазбай эле, кылмышты жаптырып салып жатышат.

Гранттын максималдуу суммасы: 100 000  (жүз миң) сом. Инвестиция тартуу боюнча дагы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоор ишке ашырылчу мөөнөт: 3 ай (2018-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь айлары). Конкурс 2018-жылдын 13-июлунда, Кочкор-Ата шаарынын мэриясында өткөрүлөт. Гранттык комиссия 10 адамдан турат. Конкурска жарыяланган теманын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандырруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар катыша алышат.

Муниципалдык социалдык заказдын мисалдары

2016-жылы июль айында Баткен шаарында “Айылдык Демилге” юридикалык жактардын бирикме  Ассоциациясы,  Баткен  шаарынын  мэриясынын  алдындагы  Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы  менен биргеликте улгайган жарандар үчүн күндүзгү эс алуу борборунун базасында геронтологиялык кызматтарды түзүү  боюнча бир жылдык долбоор ишке ашырылган.  

Ага социалдык буюртма катары КРнын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан - 500 миң сом бөлүнгөн. Долбоордун негизинде анда шаардын  улгайган  жарандарына жана жалгыз бой карыяларга колдоо көрсөтүү үчүн  дарыгерлер, мээрбан айымдар тартылган.

Улгайган аксакалдарга жана байбичелерге жеңилдиктер, жөлөк пулдар боюнча семинарлар өткөрүлүп, акысыз юридикалык кызматтар көрсөтүлгөн. Ош жана Баткен облустарынын маданий жана туристтик жайларына саякат маршруттары уюштурулган. Улуттук тогуз коргоол, шашки жана шахмат оюндары боюнча мелдештер уюштурулуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Долбоордун алкагында мончого 1 тонналык суу сактоочу идиш алынып берилип, чачтарачканага эмеректер алынып берилген. 60 жаштан жогорку улгайган жарандар акысыз мончо, чачтарач кызматтарынан пайдаланышат.

«Сары-Дөбө айылында (Коммуна) мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоону уюштуруу» социалдык заказы боюнча долбоору, Сумбула АА, Баткен облусунда 2015-жылы ишке ашырылган. Долбоордун максаты – мектепке чейинки курактагы балдар билим алып, курдаштары менен ойноп, өнүгө ала тургандай шарттарды түзүү. Катышуучулар: 3-6 жаштагы 58 бала. Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу» социалдык заказы боюнча долбоор Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагында ишке ашырылган. Максаты: ДМЧ балдардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды коом менен байланыш түзүүгө үйрөтүү, мындай балдардын ата-энелеринин билимин жогорулатуу. Катышуучулар: аярлуу үй-бүлөлөрдөн 18 бала.

Талас облусунун Өмүралиев айыл аймагында «Атадан калган мурас» социалдык заказы боюнча долбоору. Долбоордун максаты: Өмүралиев айылдык аймагындагы жаштарды компьютерде иштөөгө, жарнаманын заманбап технологияларына окутуу аркылуу аталган айыл аймагында салттуу билимди, маданиятты жана тарыхты чогултуу, сактоо жана жайылтуу болуп саналат.

«Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу» социалдык заказы боюнча долбоору Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак ААда ишке ашкан. Долбоордун максаты: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды коом менен байланыш түзүүгө үйрөтүү, мындай балдардын ата-энелеринин билимин жогорулатуу. Бул долбоорго аярлуу үй-бүлөлөрдөн 18 бала катышкан, - дейт Кочкор-Ата  шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Чыныгүл Турдуматова.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24