KELECHEK

Кокон бийлиги "ислам нормаларына каршы келген" сүрөттү оңдогону үчүн сындалууда

Кокон бийлиги

Фергана облусунун Кокон шаарында жарым жылаңач периште аялдардын сүрөтү тартылган фресканы кайра оңдошту. Маданият министрлиги бул окуяны вандализм деп атап, аны иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.

Ташкенттик маданият таануучу Акмаль Ризаевдин билдиришинче, жарым жылаңач аялдардын сүрөтү Кокон шаардык театрынын дубалына тартылган. Анын айтымында, шаар бийлиги бул чыгарманы “ислам нормаларына карама-каршы” келет деп чечкен. Мындан соң белгисиз сүрөтчү аялдардын бетин чүмбөттөп, кийим кийгизип, кайра тартып чыккан.

–Мындан тышкары советтик жоокерлердин образындагы тарыхый каармандарга кокон топусун жана чапанын кийгизип коюшкан. Акын Хамза Хакимзаде Ниязинин сүрөтү түшүрүлгөн фресканын бир бөлүгүн гипсокартон менен жаап коюшкан, – деди Акмаль Ризаев.

Анын айтымында, шаардык театрдын дубалындагы сүрөттү 2017-жылы Шавкат Мирзиёевдин сапары алдында шашылыш түрдө оңдошкон. 
Сүрөттүн автору Бахадыр Жалолов бул окуяны “наадандык” деп атады.

– Мен али тирүүмүн, өлө элекмин! Эмне үчүн алар менин чыгармамды кайра оңдошту. Биздин өлкөдө диний түркөйлүк менен аткаминерлер дагы алектене баштаган турбайбы. Мен бул вандализм тууралуу президентке кат жазам, – деди сүрөтчү.

Мадания министрлиги фресканы жок кылуу иштерине шаар башчысы жетекчилик кылганын билдирди. Министрлик Кокон бийлигинин аракетин сынга алып, күнөөлүү чиновниктер жоопко тартыларын белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын...

МАДАНИЯТ 2019-02-22  05:05

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

МАДАНИЯТ 2019-02-11  12:46

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук...

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук...

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү...

МАДАНИЯТ 2019-02-01  03:11

Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасы уурдалды

Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасы уурдалды

"Ай-Петри. Крым" картинасы

Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин "Ай-Петри....

МАДАНИЯТ 2019-01-28  10:50

Тажикстанда тасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды

Тажикстанда тасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды

Мындан ары Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм...

МАДАНИЯТ 2019-01-21  11:29

Голливудда «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мыктылары аталды

Голливудда «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мыктылары аталды

Леди Гага «Алтын глобус» менен (архив сүрөт)

Лос-Анжелесте «Алтын глобус» кино...

МАДАНИЯТ 2019-01-07  02:43

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун...

МАДАНИЯТ 2018-12-25  06:06