KELECHEK
rek

Иран: Полиция нааразылыкка чыккандарга газ чачты

Иран: Полиция нааразылыкка чыккандарга газ чачты

Тегеранда полиция парламент имаратын карай жүрүш жасагандарга көздөн жаш агызган газ чачыратты. Күтүүсүз жерден уюшулган нааразылык дүйшөмбүдө эртең менен шаардагы Чоң базардын алдында чыккан. Көмүскө базарда өкмөттүн колдоосуна карабай Ирандын акчасы - риалдын 10% кунун жоготкону адамдардын нааразылыгын пайда кылган.

"Азаттыктын” Иран редакциясына келген видеодо кыжырданган жүздөгөн демонстрант Чоң базардын тегерегине топтолуп, акча алмаштырган күркөлөрдү жаап салууну талап кылышкан. Ошондой эле “Сирияны коюп бизди ойлогула” деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Ирандын Борбордук банкынын жетекчиси Валиулла Сейф риалдын нарксызданышын кийинки аптада “экинчи акча алмаштыруучу базардын” ачылышына байланыштуу көмүскө рыноктогу валюта саткандардын кармашы менен түшүндүрдү. Ал президент Хасан Роухани жана экономика министри баштаган расмий адамдар менен жолуккандан кийин жаңы базар АКШ долларына карата ар кандай курска негизделерин билдирди.

Роуханинин администрациясына жакын саналган Иран студенттеринин жаңылыктар агенттиги (ISNA) бир доллардын алмашуу курсу 60-65 миң риалга барабар деп жарыяланарын 25-июнда кабарлады.

Былтыр жыл этегинде Иранда тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан нааразылык жыйындары өлкөнүн ар кайсы шаарларында тутанган. Бир аптадан ашкан нааразылыктар учурунда кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылып, 1700дөн ашуун киши камакка алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52