KELECHEK
rek

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

- 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда "Google-салык" киргизилген. Бул салык чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби каралган. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 АКШ долларын коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.

Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын ишке ашырышы керектигин билдирди. Анын айтымында биринчи үч айлыкта эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн "Google", "Apple", "Microsoft", "Facebook", "eBay", "Aliexpress", "Yahoo", "Bing" сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат.

Буга чейин Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө Интернет компаниялардан салык алууну сунуштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38