KELECHEK

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө жылууланганына байланыштуу, ири ГЭСтерде суунун көлөмүн өз нугунда сактап калуу өтө кыйын болуп калды. Ошол себептен, кичи энергетиканы сактап калуу максатында чакан ГЭСтерди крууга көңүл бурулуп жатат.

Өлкөдө энергиянын кайра жаралуу булактарынын обьектилерин (чакан ГЭСтер, күн, шамал, биогаз булактары) ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорлор жана демилгелер бар. Учурда Кыргызстанда 42 мегабатт кубаттуулугу менен 13 чакан ГЭСтер иштейт. Алар жылына болжол менен 140,5 млн. киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. 

Ал эми ХХ кылымдын 70-жылдарына чейин Кыргызстанда 300 кичине жана чакан ГЭСтер иштеп турган. Кийин чоң ГЭСтер жана жылуулук электр станциялары иштей баштагандан кийин көпчүлүк чакан жана майда ГЭСтер консервацияланган. Алар кийинчерээк талкаланып жок болгон. Азыркы учурда иштеп жаткан чакан ГЭСтердин техникалык абалы абдан оор. Жабдуулардын эскилиги жеткендиктен керектүү режимде иштебейт. 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандын алыскы региондорун өнүктүрүү үчүн кайталап иштелип чыккан энергия булактарын илгерилетүү» долбоорунун негизинде 2002-жылдан баштап кичине ГЭСтерди орнотуу башталган. Кыргызстандагы өздөштүрүүгө мүмкүн болгон дарыялардын гидротехникалык потенциалы, суунун көп жылдык сарпталышын орточо 0,3 төн 50 куб, м/сек. деп алганда, жылына 5-8 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгара алат экен. Ал эми азыр жалпы өздөштүрүлгөнү 3 пайыз – бул иштеп жаткан 8 кичи ГЭСти гана түзөт.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы кичи дарыялардын гидротехникалык потенциалы, жалпы кубаттуулугу 178 МВт., жылына орточо 1,0 млрд. кВт/саат электр энергия иштеп чыгара турган 92 жаңы чакан ГЭСтерди курууга бардык жагынан мүмкүндүк берет. Андан сырткары, мурда курулган жалпы кубаттуулугу 22 МегоВатт жана жылына орточо 100 млн. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгара турган 39 чакан ГЭСтерди калыбына келтирүүгө болот.

Күн, суу энергия булактарын, биогазды өнүктүрсө болот

Жалал-Абаддагы илим изилдөө борборунун илимий кызматкери Абдисатар Досбаевтин берген маалыматына караганда, институт учурда энергиянын кайра жаралуу булактарын табуу боюнча иш алып барып жатат. Негизинен чакан ГЭСтерди, шамал, күн, биогаз булактарын алуунун жолдорун Түштүк региону боюнча изилдешет.

- Мен жогоруда айтылган энергиянын кайра жаралуу булактарынын ичинен тыгыз иштегеним, бул чакан, микро жана мини ГЭСтерди изилдейм. Эгерде, 100 килоВатка чейин болсо микро ГЭС, 1000 килоВатка чейинкиси мини ГЭС, андан жогору 10 мегоВатка чейинкиси чакан ГЭС деп аталат. Кыргызстанда күн жана суу энергия булактарын, биогазды өнүктүрсө болот. Себеби, көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, бизде 270-280 күн асман ачык болуп, күн тийип турат.  Мындан сырткары, бизде кичи ГЭСтерди кура турган жерлерибиз аябай көп десем болот. Кыргызстан боюнча 3 миңден ашык кичи (микро) ГЭСтерди кура турган суулар бар. Бирок, бир өкүнүчтүү жери “көрмөк бар, ичмек жок” дегендей, өзүбүздүн сууларды көп пайдалана албайбыз. Изилдөөлөрүбүз бар, аларды ишке ашыруу керек. Жалал-Абад облусунда Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, түндүктө 4 чакан ГЭСтер бар. Жеке ишкерлердин буйрутмасы менен Токтогул районунун Чычкан капчыгайына (30 кВт) микро ГЭС курулуп, үч жылдан бери иштеп жатат. Токтогулдун Чолпон-Ата айыл өкмөтүндөгү Кескен-Дөбө деген айылда микро ГЭС курулган, ал жерде 10 жылдан бери иштейт. Оштун Озгур айылындагы Увам каналына (52 кВт), Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Шаркыратма деген айылга микро ГЭСтер курулган.

- Абдисатар Жолдошалиевич, Кыргызстандын шартында дагы кандай ГЭСтерди курса болот?

- Биз жасап жаткан ГЭСтердин ичинен Мончок ГЭСтери  да бар. Бирөөнү Ошто Ак-Буура суусуна койдук, мурда Чычканга койгонбуз. Экөөнү тең ээлери жакшы карабай, алдыртып жиберишти. Азыр дагы бирөөнү жасап жатабыз. Гидро трубиналарды тизип, суунун агымына жараша таштап коёт. Суунун ичине таштап койсо эле, суунун күчү менен айланып, жарык берет. Платина курулбастан туруп, койо турган ГЭСтер бар. Жакында да жайлоочуларга, аарычыларга, туристтик базаларга арнап, геликолоиттик ГЭСтерди куруу боюнча кичине макетин жасап бүттүк. Биздин эсеп боюнча шамалга да, сууга да иштей берет. Бул тажрыйбаны Кыргызстанга таркатышыбыз керек. Мунун жакшы жери сууга, шамалы катуу болгон жерлерге, булакта 10 см болгон түтүктөн суу агып жаткан болсо, ошол жерлерде иштей берет биздин жасап жаткандар. Кыргызстандын экологиясын эптеп сактап калыш үчүн керек болуп жатат. Жалаң гана акча кеткен кымбат нерселерди жасай бербестен, ушул тажрыйбаларды жайылтуу зарыл. Туристтер эс алуучу жайлар бир, эки айда эле чаң болуп кетет. Себеби, мал жандыктары тебелей берип, чөптөрүн жок кылып салат. Ушул нерсени сактап, адамдар жашаган жерлерди корук кылып, электр кой кайтаргычтарды пайдаланса болот. Мал короо бөлөк болуп калат. Чет мамлекеттерде бул ыкма жакшы жолго коюлган.

Геликолоиттик ГЭСтин - макети. 

 

Ушундай электр жарыгын жайлоолордо пайдалана турган болсо, электр плиталарын жайлоодо пайдаланыша алат. Сүттү тартканга ыңгайлуу болуп, отун алып келбей эле, электр мештерин пайдаланышып, жашоо бир аз жеңил болуп калат. От жагуу үчүн тезек тергенден кутулушат. Тезекти үйлөп отурбастан, абаны түтүн менен булгабай, таза болуп, экологияга да зыянын тийгизбей, электр плиталарын пайдаланууга болот. Бир кВт геликолойиттик ГЭСти куруп ала турган болсо, 10 миң сомдун тегерегиндеги акча кетет болуш керек. Аны эсептеп чыга элекпиз. Жашыл энергетика боюнча Өкмөттүн беш жылдык программасына киргенбиз. Программа быйыл марттан башталды. Жашыл энергетика - бул экологияны бузбай зыянсыз энергияны алуу болуп саналат. Себеби, буларга платина курулбайт. Токтогул ГЭСиндей болуп, жерлерди суу басып калбайт, экологияны таза бойдон кармап калат. Экологияны таза кармоого: чакан ГЭСтерди, күн, шамал энергиясын, биогазды пайдалануу өтө пайдалуу. Биогаздан органикалык жер семирткичтерин да алууга болот. Биогаздан чыккан калдыктар менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди Европа базарында жакшы алышат. Туризмди өнүктүрүү үчүн таштардан эритип жолдорду оңдоо керек.

- Мурдагы кичи жана чакан ГЭСтерди калыбына келтирүүгө болобу?

- Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстанда келечекте ирригациялык суу сактагычтарда кубаттуулугу 75 МВт, орточо жылына 220 млн. кВт.саат электр энергиясын иштеп чыгара турган 7 ГЭСти курса болот. Бул алыскы райондорду жылуулук менен камсыз кылуу талабын бир топ жеңилдетмек. Анткени, электр жылуулугуна өткөрүү менен бул райондордо жылына 100-120 миң тонна отунду үнөмдөөгө болот. Же акчалай бааланса 350-420 млн. сомду түзмөк (1 тонна көмүр 3500 сом болсо). БУУнун «Кыргызстандын алыскы региондорун өнүктүрүү үчүн кайталап иштелип чыккан энергия булактарын илгерилетүү» долбоордун жардамы менен Ысык-Көл облусунда 13 пилоттук чакан ГЭСтер  орнотулган.

Базар-Коргон районунун Жаз – Кечүү айылынын төмөн жагында Суулук деген айылга 12 мегоВатка чеийн энергия алса боло турган долбоорун иштеп чыкканбыз. Бул жердин электр энергиясы Базар-Коргон районунун жарымын камтыйт. Ал эми Аксы районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терс деген айылынын бери жагында Наманган каналы агат. Наманган каналынын суусу көп, кышында да көп суу агат. Эгерде ошол Наманган каналына да мончок ГЭСти жасап коё турган болсо, ошол айланадагы айылдардын көпчүлүгүн электр энергиясы менен камсыз кылса болот. Майлуу-Сууга, Аксыга, Ала-Букага кичи ГЭСтерди кура турган суулар бар. Чаткалдагы сууларга чакан ГЭСтерди куруп, ал жерден ашыкча энергия алса болот.

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын баш жагында Көк-Арт дарыясында мурда кичи ГЭС болгон. Ушул эле райондун Сымкат деген айылынын Катар-Тал деген жеринде Көк-Арт суусуна курулган мурдагы кичи ГЭСтин орду бар. Андан башка Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь деген айылында илгери 420 кВт. ГЭС болгон. Аны да ирилештирүү башталганда, бузуп салышкан. Бирок, ал ГЭСти да калыбына келтирип койсо болот.

Чакан жана кичи ГЭСтердин дагы бир жакшы жери – бир эле сууну, бир нече жолу пайдалана берсе боло берет. Себеби, ал жерде курулган дамбалары, плотина, трубалары турат. Муну тез эле куруп койсо болот. Чыгым да аз кетет. Ал жерге генератор менен трубинаны сатып алсаң, калган нерсеси азыраак эле чыгым менен болуп калат. Мончок (грилианд) ГЭСти Сузак районунун Кара-Дарыя суусуна куруп койсо болот. Эч жерин тоспой, платина курбай эле, агып жаткан сууга эле мончок ГЭСтерин курууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кичи ГЭСтердин бир жакшы жери – экологияга зыяны жок, андан алынган энергиянын баасы арзан болот. Буйрутма менен 15ке жакын микро ГЭСтер курулган, - дейт А.Досбаев.

Мончок (грилианд) ГЭС.

 

Жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн бул тармакта иштеген илимий кызматкерлердин жогоруда айтылган ой-пикирлерин эске алуу менен, алардын ойлоп табууларын коомчулукка жайылтууну бийлик төбөлдөрү колго алса, анда экономикада өсүш болуп, башка бирөөлөрдүн колун кароо адатыбыздан тез эле арылмакпыз.

Анархан Жаңыбаева, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Гуревич: Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн 200-300 миллион доллар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-09-01  20:07

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-07-06  16:21

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-05-11  14:00

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча...

ИНТЕРВЬЮ 2018-01-08  14:55

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01