KELECHEK
rek

Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Түркестанга көчүрүлдү. Ошондой эле Түштүк-Казакстан деген облус аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү.

Назарбаев жарлыкка кол коюп жатып, Шымкент Астана менен Алматыдай эле калкы миллиондон ашкан шаарлардын катарына киргенин айтты.

«Бүгүн мен кол койгон жарлык Шымкентке республикалык маанидеги шаар деген макам берет. Облус борбору кылымдардан бери Казак хандыгынын жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн саясий жана руханий жүрөгү болуп келген Түркестан шаары болот. Шымкент болсо биздин гана өлкөнүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын инвестицияларды, технологияларды жана интеллектуалдык ресурстарды тартып турган жаңы борборуна айланат», — деди Назарбаев.

5-июнда Түштүк-Казакстан облусунун маслихаты облус борборун Шымкенттен Түркестанга көчүрүү жана Шымкентке республикалык маанидеги шаар макамын берүү сунушун жактырган.

Түркестан Шымкенттин түндүк-батыш тарабында 170 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 260 миңге жакын. Түркестанда «Хазрет-султан» тарыхый-маданий музейи бар. Анын аймагында зыяратчыларды өзүнө тартып турган Хожи Ахмет Яссаунун мавзолейи жана башка орто кылымдагы бир топ курулуштар жайгашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13