KELECHEK

Тажикстан: өспүрүм 7 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Тажикстан: өспүрүм 7 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Тажикстандын Гиссар шаардык милициясы 14 жаштагы өспүрүм тарабынан 7 жаштагы кыздын ыктымал зордукталышы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Шектүү бала кыздын ата-энеси укук коргоо коргоо органдарына арыз менен кайрылгандан он күн өткөндөн кийин суракка алынды.

Мындан тышкары кылмышты жашырууга шектелген дагы бир өспүрүм милицияда бир нече саат сурак берди. Кыздын туугандары кылмышты коңшуларынын 14 жаштагы баласы жасаганын айтышууда.

«Кызды зордуктагандан кийин ал моюнуна бычак такап, бул тууралуу башкаларга айтсаң өлтүрүп салам деп коркуткан. Ошондуктан алгачкы күндөрү кыз бул жөнүндө эч кимге айткан эмес», - деп билдиришти алар.

Туугандарынын айтымдарында, кыз эртеси ичи катуу ооруп атканын айткан. Үйдөгүлөр такып сурай баштаганда ал коңшу бала кол салганын билдирген. Бул боюнча өткөрүлгөн медициналык экспертиза зордуктоо фактысын аныктаган.

Кылмышка 14 жаштагы өспүрүм шектелүүдө. Бирок укук коргоо органдарынан кылмышты жашырууга шектелип жаткан 15 жаштагы өспүрүм кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн билдиришти.

Зордуктоо фактысы боюнча милицияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчысы жана мектеп директору дагы чакырылган.

Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тарта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгер адам өлтүрүү, зордуктоо же уурулукка күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар дагы соттолот. Өлкөнүн Кылмыш кодексинде зордуктоо үчүн үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алматыда бычак жеген көркөм муз тебүү чебери Денис Тен каза болду

Алматыда бычак жеген көркөм муз тебүү чебери Денис Тен каза болду

Денис Тен Пхенчхандагы Олимпиадада. 13-февраль, 2018-жыл.

Алматыда бычактан алган жараатынан улам...

Тажикстанда качып кеткен милиционерге эл аралык издөө жарыяланды

Тажикстанда качып кеткен милиционерге эл аралык издөө жарыяланды

Тажикстандын Хатлон облустук прокуратурасы Дусти райондук ички иштер башкармалыгынын...

Алматыда 4 жашар баланы сүзүп, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочу...

Алматыда 4 жашар баланы сүзүп, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочу...

Алматы шаарынын жашоочулары полиция менен бирге 4 жаштагы баланы унаасы менен...

Өзбекстанда бала бакча тарбиячысы 6 жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпо...

Өзбекстанда бала бакча тарбиячысы 6 жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпо...

Өзбекстанда бала бакчанын тарбиячысы алты жаштагы кыздын...

Тажикстан: жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз жандарын кыйышты

Тажикстан: жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз жандарын кыйышты

Тажикстандын Канибадам шаарында жубайлардын өз жанын кыюусу...

Казакстанда айып аянтчасындагы 45 унаа өрттөнүп кетти

Казакстанда айып аянтчасындагы 45 унаа өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт

Жекшембиге оогон түнү Шымкенттеги...