KELECHEK
rek

Өзбекстанда эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардын малы тартып алынууда

Өзбекстанда эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардын малы тартып алынууда

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы фермерлердин билдиришинче, жергиликтүү бийлик эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардан тапшырылбаган ар бир килограмм үчүн 1200 сум талап кылууда. Акча менен төлөй албаган фермерлердин малдары тартып алынууда.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымдарында, суунун жетишсиздигинен улам быйыл эгин түшүмү былтыркыдан кыйла аз болуп, көбү планды аткара албай калышкан.

«Быйыл кургакчылык болуп, суунун жетишсиздигинен улам дыйкандарын 80-90 пайызы эгин планын аткара алышкан жок. Азыр облус жана район жетекчилери эгин таап, мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда. Кабыл алуу жайларында ар бир тапшырылбаган килограмм үчүн 1200 сумдан (0,15 доллар) сурап жатышат. Быйыл жазында дыйкандар суу жетишсиз болуп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерге арызданышкан. Бирок бийлик аба ырайын жана суунун жетишсиздигин эске албастан, мамлекеттик планды аткаруу үчүн жетпей калган эгинди талап кылууда», – деди дыйкандардын бири.

Анын айтымында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерин ээрчитип, эгин планын аткарбаган дыйкандардан малын сатып, акчасын мамлекетке тапшырууну талап кылышууда.

«Мажбурлап аткартуу бюросу менен Салык кызматынын өкүлдөрү келип, эч кандай документтерди же соттун чечимин көрсөтпөстөн эле малдарды тартып алышууда. Биздин коңшуларыбыздын бирөөсүнүн букасын, уюн жана торпогун алып кетишти. Айрымдарын малдарын сатууга мажбурлап жатышат. Дыйкандар тынчсызданууда», — деди ал.

Мажбурлап аткартуу бюросунун Сурхандарья облусундагы бөлүмүнөн план аткарбаган дыйкандардын малы алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38