KELECHEK
rek

Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө кызыгат

Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө кызыгат

Орусия Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө жана анын күчүн арттырууга кызыгат. База Кыргызстандын түштүк аймагын да камтышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин Бишкекте кыргыз-орус аскердик кызматташтык маселелерин талкуулаган жыйында билдирди.

«Канттагы база ошол жерде база болушу үчүн эле эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. База уникалдуу жерде жайгашкан. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөп жатат. Биз бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткибиз келет, ал түштүктү камтымакчы», — деди Заварзин.

Орусиянын дагы бир базасын ачуу маселеси акыркы он жылдан бери талкууланып келатат. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков былтыр Москвадагы иш сапарында орусиялык маалымат каражаттарына "жалпы аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасында аскердик база болушу керек" деген пикирин билдирген болчу. Айрым адистер "бул маселе боюнча коомчулуктун, адистердин кеп-кеңеши керек" деген пикирин айтышкан.

Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылы ачылган. Орусиянын төрт аскердик объектиси былтыр ага кошулуп, расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12