KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ МЕНЕН ЮНИСЕФ УЮМУ КЫЗМАТТАШТАТ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ МЕНЕН ЮНИСЕФ УЮМУ КЫЗМАТТАШТАТ (ФОТО)

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) буга чейин төрт жыл аралыгында Жалал-Абад шаарындагы төрөт үйүндөгү абалды жакшыртуу боюнча көмөгүн көрсөтүп келген.

Эми мындан ары да Жалал-Абад шаарынын бийликтери менен балдарга ар тараптуу камкордук көрүү жагынан жаңы багыттарда иш алып барууну көздөйт. Бул тууралуу ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуо баш болгон делегациянын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин жолугушуусунун учурунда белгилүү болду.

Юкиэ Мокуо айым облустук  төрөт үйүн жакшыртууга, балдардын реанимациясы боюнча заманбап жабдыктарды камсыз кылууда, энелердин туура тамактануусу боюнча көп жардамдар берилгенин айтты. Ошондой эле балдардын, айрыкча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өнүгүшү боюнча алдыда көп иш бардыгын, бул багытта Жалал-Абад шаары менен иштеше тургандыктарын билдирди.

Ал эми шаар мэри Мураталы Тагаев келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен балдардын ар тараптуу укуктарын камсыз кылуу жагынан чогуу иштешүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ошондой эле шаарда балдардын кризистик борбору ачуу аракеттери болуп жатканын айтып, бул багытта иштешүүгө чакырды.

ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуо айым, эгерде жакшы сунуштар болсо, биргеликте дайыма иштешүүгө даяр экендигин баса белгилеп кетти. Тараптар биринчи кезекте балдарды камкордукка алуунун зарылдыктары тууралуу маалымат таркатуу жагынан иштеше турган болушту.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13