KELECHEK
rek

Трамп Кытайды соода согушун күчөтөм деп коркутту

Трамп Кытайды соода согушун күчөтөм деп коркутту

Дональд Трамп менен Си Цзиньпин

Эгер Кытай америкалык товарларга бажы тарифин киргизсе, анда АКШ жалпы баасы 200 миллиард долларды түзгөн кытай продукцияларына карата 10 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.

«Кытайды абийирсиз соода практикасынан баш тартууга жана АКШ менен кыйла тең укуктуу соода мамилелеринде болууга көндүрүү максатында жаңы кадамдар жасалат», – деди Трамп.

Президент баарынан да аны Кытай бийлигинин америкалык интеллектуалдык менчиктерди коргоодон баш тарткандыгы нааразы кылып жатканын белгиледи.

Трамптын бул сөздөрүнө Кытайдын Соода министрлиги тез эле жооп кайтарды. Мекеме АКШ президентин «опузалоо тактикасы» үчүн айыптап, «чектен чыккан басымга катаал жооп бере» тургандыгы менен коркутту.

Өткөн жума күнү Трамптын администрациясы жалпы суммасы 50 миллиард долларды түзгөн кытай экспорту үчүн 25 пайыздык бажы тарифи киргизиле турганын билдирген. Пекин АКШны «соода согушун ырбатууга» айыптап, дароо эле америкалык товарларга, анын ичинде дан эгиндери, автоунаалар жана деңиз азыктары үчүн ушундай эле төлөм киргизген.

Кытайдын 34 миллиардга бааланган 800дөн ашык экспорттук товарлары үчүн киргизилген америкалык бажы тарифтери 6-июлда күчүнө кирет. Дагы 300гө жакын позиция үчүн төлөм киргизүү демилгеси азырынча коомдук талкуудан өтө элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52