KELECHEK
rek

Европалык укук коргоочулар Астанада активисттер менен жолукту

Европалык укук коргоочулар Астанада активисттер менен жолукту

18-июнда Италия сенатынын депутаты Роберто Тампи жана Италиянын Адам укуктары боюнча федерациясынын президенти Антонио Станго Астанада жергиликтүү жарандык активисттер менен жолугуп, Казакстандагы адам укуктарынын абалын талкуулашты.

Жолугушууга келген активисттер тынч жыйындарды өткөрүү боюнча өз укуктарын пайдалана албай тургандыктарын айтып, 10-майдагы акциянын катышуучуларынын көбү кармалып, соттун чечими менен административдик камакка алынып же айыппулга жыгылганын айтышты.

Бирок талкуу жолугушуу өтүп жаткан мейманкананын кызматкерлеринин өтүнүчү менен токтотулду. Алар жолугушуу «митингге айлана баштаганын» айтышты. Ага чейин айрым активисттер түрдүү сын-пикирлерди айтып, Казакстан бийлигин адам укуктарын тебелөөгө айыпташкан.

Роберто Рампи активисттердин даттанууларын өзүнүн парламенттик отчетуна кошуп, Казакстан бийлигин өлкө ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакты сактоого чакыруу өтүнүчү менен Европа парламентине кайрыла турганын айтты. Италиялык сенатордун пикиринде, Астана жарандардын өз оюн айтуусун же тынч митингдер менен акцияларды өткөрүшүн көйгөй катары кабыл албашы керек.

«Биз абалды өзгөртүүгө болот деп ишенебиз. Мисалы, биз бийликке абакта сот өкүмүн күтүп жаткандар тууралуу маалымат бердик. Мындай маселе Италияда дагы бар. Өкүм чыкканга чейин алар эркиндикте болушу керек. Анткени мыйзам алдында алар азырынча күнөөсүз адамдар», — деди Роберто Рампи.

Укук коргоочулардын айтымдарында, 17-июнда алар Астанада Казакстан Башкы прокуратурасынын чиновниктери менен жолугушкан. Эми алдыда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу пландалууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53