KELECHEK
rek

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

13-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов маалымдады:

- Соттун чечими күчүндө калды. Камакка алууга эки негиз бар - сыртка чыкпоо шартын бузса же жаңы айып угузулса. Экөө тең бузулган жок. Бул чечим мыйзамсыз.

Сот жыйынына журналисттер киргизилген жок. Бишкек шаардык сотунунун имаратында Исаковдун жыйырмага жакын тарапташтары чогулуп турду.

Камакка алынган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна жактоочулары арыз беришкен. Арызда мурдагы премьерди камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, үй камагына чыгаруу өтүнүчү жазылган.

Сапар Исаковго "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган" деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле "тергөөгө басым жасашы мүмкүн" деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалап келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53