KELECHEK

Кытай Казакстандын бажы бекеттерин модернизациялоого насыя берет

Кытай Казакстандын бажы бекеттерин модернизациялоого насыя берет

Кытай тараптан казак өкмөтүнө бериле турган узак мөөнөттүү насыя өлкөнүн тышкы карызынын көбөйүшүнө алып келбейт. Бул тууралуу 12-июнда Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдирди.

«Бул узак мөөнөттүү насыя болот. Каржы шарттары дагы талкууланат. Болжол менен эки пайыздык үстөк менен берилет. Тактап айткандай, бул өтө арзан насыя болот», — деди ал. «Интерфакс-Казакстан» агенттигинин маалыматына караганда, мында кеп 100 миллиард теңгелик (300 миллион доллардын айланасында) насыя жөнүндө болууда.

Султановдун айтымында, Кытай жеңилдетилген насыяны бажыдагы өткөрмө бекеттерди модернизациялоо үчүн берет. Министр учурда болжолдуу келишим макулдашылганын белгиледи.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Кытайга болгон өткөн жумадагы сапары маалында кызматташуу тууралуу онго жакын документке, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү тууралуу Казакстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге кол коюлган.

Назарбаевдин бул сапары маалында кытай тарап Казакстандагы инфраструктуралык долбоор үчүн 727 миллион доллар насыя бере тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр пайда болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды

Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды

Тажикстандын бир нече аймагына күтүүсүз кар...

ЭКОНОМИКА 2018-10-19  03:21

"РусГидро" Кыргызстандын сунушуна көнбөй жатат

ОрусиянынРусГидроишканасы Жогорку...

ЭКОНОМИКА 2018-10-18  08:26

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  00:45

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү улам артып баратат....

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:42

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары өткөн тогуз ай ичинде чыгарылган продукциянын көлөмүн эки...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:51

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу...

ЭКОНОМИКА 2018-10-11  02:28

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов...

ЭКОНОМИКА 2018-10-08  01:06