KELECHEK
rek

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди облусунун Бобожон Гафуров районунун Офчу-Калача айылынын тургундарына ооз ачыруу өттү. Ага Тажикстандын чек арадагы айылдарынан 100дөй киши келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара аймагындагы коомдук-саясий абалды жана чек ара маселелерин талкуулаган. Ал аксакалдардын жана жаштардын катышуусунда ынтымакты бекемдөөчү ооз ачар өткөрүү демилгесин көтөрүп, тажик тараптан коноктор чакырылган.

4-июнь күнү Максат айылынын тургундарынын чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкөнүн чек арачылары каршы чыгып, анын акыры жаңжалга айланган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын тирешүүсүндө ок атылып, тажикстандык үч чек арачы 4 куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, кийин коё берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41