KELECHEK
rek

УКМК Чубак ажыга эскертүү берди

УКМК Чубак ажыга эскертүү берди

Мурдагы муфтий, Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго 9-июнда расмий эскертүү берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

"Жалилов жума намаз убагында түшкү тыныгууну бир саатка узартуу сунушун колдоп келген. Бирок бул мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде каралгандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине айткан кескин билдирүүлөрү кабыл алынгыс" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жума намаз маалында түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору 7-июнда парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, алты депутат ага каршы добуш берген. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бул аракетти кескин сындап чыккан эле.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20