KELECHEK

HRW: Трамп менен Кимдин жолугушуусунда Түндүк Кореядагы адам укуктарына көңүл бурулган жок

HRW: Трамп менен Кимдин жолугушуусунда Түндүк Кореядагы адам укуктарына көңүл бурулган жок

Human Rights Watch укук коргоо уюму Сингапурдагы саммиттен кийин Дональд Трамп менен Ким Чен Ын тарабынан кол коюлган документте Түндүк Кореядагы адам укуктары тууралуу эч нерсе жазылбаганын белгиледи.

«Сингапурдагы саммит маалында Ким Чен Ын менен Дональд Трамп кол койгон декларациянын текстинде адам укуктарына байланышкан тынчсыздануулар тууралуу эч нерсе жазылган эмес», — деп билдирди уюмдун Азия боюнча директорунун орун басары Фил Робертсон Твиттер аркылуу.

 

«Түндүк Кореядагы адам укуктары саммиттен тыш калганы ачуулантат. Кийин Пхеньян менен мамлекеттик катчы Помпео адам укуктарын кантип талкуулашат? Же АКШ Түндүк Кореяга адамзатка каршы кылмыш жасоо эркиндигин бердиби?», — деп уланткан Робертсон.

12-июндагы саммиттин соңунда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери «бардыгын камтыган» биргелешкен документке кол коюшкан. Ага ылайык, Ким Чен Ын Корей жарым аралын толугу менен өзөктүк куралдан арылтуу, ал эми Дональд Трамп Түндүк Кореянын «коопсуздугун кепилдөө» ниеттерин билдиришти.

Документте булар аткарыла турган мөөнөттөр, ошондой эле Корей жарым аралындагы адам укуктарынын сакталышы тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

«Биз бүгүн, кечээ жана бир нече апта мурда болгон нерселерге багыт алышыбыз керек. Эң маанилүү нерселер дал ошондо башталган», — деди Трамп Түндүк Кореядагы адам укуктары тууралуу «Америка үнүнүн» суроосуна жооп берип жатып. Бирок кийинчерээк Fox News телеканалына берген маегинде президент Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалы жакшы жакка өзгөрөт деген үмүтүн билдирди.

Facebook API failed to initialize.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Никол Пашинян

Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters...

Трампты сотко берген порноактрисанын арызы канааттандырылган жок

Трампты сотко берген порноактрисанын арызы канааттандырылган жок

Нью-Йоркто федералдык сот АКШ президенти Дональд Трампты жалган жалаа жабууга айыптаган порноактриса...

Трамп: Путин киши өлтүрүүлөргө жана ууландырууларга тиешеси болушу...

Трамп: Путин киши өлтүрүүлөргө жана ууландырууларга тиешеси болушу...

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин киши...

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

Почта, Ашхабад, 2018.

Түркмөнстанда 1-октябрдан тарта почта...

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

“Роскосмос” космонавты Алексей Овчинин жана НАСА  астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула...

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбекстан Башкы прокуратурасы мурдагы өзбек президентинин тун кызы...