KELECHEK

Трамп: Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иши «өтө тез» башталат

Трамп: Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иши «өтө тез» башталат

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иштери «өтө тез» баштала турганын билдирди.

Шейшемби эртең менен Сингапурда АКШнын президенти менен Түндүк Корея лидеринин тарыхый жолугушуусу болду. Трамп түндүк кореялык лидер менен коштошуп жатып, аны менен дагы «көп жолу» кездешээрин билдирди.

АКШ президенти түндүк кореялык лидерди «инсандык сапаты жогору, акылдуу жана жеткилең сүйлөшүүчү» деп мүнөздөдү. «Ким экөөбүз үчүн бул жакшы күн болду. Биз бири-бирибиз, өлкөлөрүбүз жөнүндө көп нерселерди биле алдык», — деди Трамп.

АКШнын президенти Ким Чен Ынды «өз өлкөсүн сүйгөн өтө таланттуу адам» деп баалады. Ал ошондой эле Ким Чен Ынды Ак үйгө чакырууга ниети бар экенин да кошумчалады.

Трамп менен Ким сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен декларацияга кол коюшту. Трамп аны «өтө маанилүү» жана «бардыгын камтыган» документ деп атады.

Ким Чен Ын Дональд Трамп менен жолугушуусу «тынчтыкка карата жакшы кадам» болгонун белгиледи. Бирок ал өлкөнүн өзөктүк куралдан баш тартуу ниети тууралуу журналисттердин суроосун жоопсуз калтырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол...

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол...

Македония президенти Гёрге Иванов.

Македония президенти Гёрге Иванов...

ДҮЙНӨ 2018-06-14  15:06

Трамп: Ким Чен Ын менен боло турган саммит үчүн баары даяр

Трамп: Ким Чен Ын менен боло турган саммит үчүн баары даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн камдыктар дээрлик...

ДҮЙНӨ 2018-06-08  17:00

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана анын...

ДҮЙНӨ 2018-06-05  09:21

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти

Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча...

ДҮЙНӨ 2018-06-04  18:19

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен...

ДҮЙНӨ 2018-05-30  08:22

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеси (архив сүрөт)

Кытай АКШнын аскердик кемелерин...

ДҮЙНӨ 2018-05-29  00:46

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Наманган облустук кеңешинин депутаты Олимжон Тухтаназаров

Наманган облустук...

ДҮЙНӨ 2018-05-29  02:15