KELECHEK

Бишкекте 2,9 миң доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

Бишкекте 2,9 миң доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги кызматкерлердин алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Каржы полициясына 50дөн ашык чет өлкөлүк студент кайрылып, 2017-жылдын сентябрынан бери ар бири окуу үчүн 2 900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллардан ашык) төлөгөндүктөрүн билдиришкен. Бирок бул үчүн дүмүрчөктөр берилбей, акчалар кассага түшкөн эмес. Жыйынтыгында студенттер контракт төлөбөгөндүгү үчүн деп окуудан чыгарылган.

Мекемеден тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аталышын айтуудан баш тартышты.

Бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө учурда окуу жайдын бул ишке тиешеси бар жетекчилерин аныктоодо.

Кыргызстанда жалпысынан 51 жогорку профессионалдык билим берүү мекемеси иштейт. 2017/2018 окуу жылынын башында аларда 162 миңден ашык студент окуган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстандын Хорезм облусунда пенсия курагындагы мугалимдер жапырт...

Өзбекстандын Хорезм облусунда пенсия курагындагы мугалимдер жапырт...

Жыл башынан бери Өзбекстандын Хорезм облусунда пенсия курагындагы ондогон мектеп...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-01-18  03:29

Сейсмолог: Казакстанга сейсмикалык коопсуздук тууралуу мыйзам керек

Сейсмолог: Казакстанга сейсмикалык коопсуздук тууралуу мыйзам керек

Казакстан Сейсмология институнун директорунун орун басары Нурсарсен Узбеков

Казакстанда...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-01-07  02:56

Ашхабадда мугалимдер окуучуларды өз эсебинен экскурсияга алып...

Ашхабадда мугалимдер окуучуларды өз эсебинен экскурсияга алып...

Түркмөнстанда кышкы каникул маалында мектеп мугалимдери...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-01-06  01:22

Өзбекстанда кайрымдуулук фонд 145 студенттин контрагын төлөп берди

Өзбекстанда кайрымдуулук фонд 145 студенттин контрагын төлөп берди

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фонду 145...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-11-30  19:48

Тажик окумуштуулары өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын изилдешүүдө

Тажик окумуштуулары өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын изилдешүүдө

Тажик окумуштууларынын тобу Варзоб капчыгайындагы бөксө тоолор...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-11-27  17:26

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР БАКЧАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР БАКЧАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-11-23  13:01