KELECHEK
rek

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта күнөөсүз жатканына нааразы

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта күнөөсүз жатканына нааразы

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын тургуну 71 жаштагы ардагер Мамадали Калиев “журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, уулу Исламдын күнөөсү жок 1 айдан бери камакта жатканына нааразы экендигин билдирди.

Ардагер М.Калиевдин айтымына караганда, окуя төмөндөгүдөй болгон.

- Мен участковый милиция Азамат Каримов менен таанышып, мага телефонун жазып берип, жакшынакай болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Анан бир күнү эле 3-майда мага “Ава, баягы балаңыз ичип жатабы, же ичпей калдыбы?” – деп чалып калды. Мен каяктан билейин, ал Курманбек айыл өкмөтүндөгү сарайда жашайт. Ортобузда чоң дарыя бар балам дедим. “Алып келип, бир дарылатып бербейинби?” – деп сурап калды. Мурун ар бир алып келип дарылатканда 3 миң сомдон алчу. Буга чейин 3 жолу жаткырган. Мейли баламды урбай-сокпой алып барып доктурларга тапшыр деп айттым.

Эртеси саат 11лерде Азамат чалганда, мен диванда жатат элем. Өзүм оорулуумун, жүрөгүмдөн операция болгомун. Анан мен айттым, балам мен ооруп жатам, баламды дагы уруп-согуп жүрбөгүлө. Жакшынакай кылып алып барып, тапшырып кой баягы айтканыңды берейин дедим. “Ээ ава, азыр кымбаттап кетти, мен шеригим менен бара жатам” – деди ал. Кымбаттап кетсе канча болду? – десем, “5 миң сом бересин” деп айтты.

Айланайын балам, биздин тоодо пенсия 15нен кийин берилет, ошондо гана акча болот. Ага чейин бере албайм. Кой сатып берейин десем, койлор да арык. Ал да сарайда, башка балам багып жатат дедим. Анан ал “майрамды өткөрүү кезеги мага келип калды эле, мага семиз кой болуш керек” деп айтты. Койлорду балдарыңыз көрсөтсө, мен семиз койду тандап алайын дегенине, мен макул болуп, адамгерчиликче сүйлөштүк.

Андан кийин, Азамат бир шериги менен Курманбек айыл өкмөтүнө келип, үйгө кирсе бир кудаабыздын баласы Анвар “Нива” автоунаасы менен ошол жерге барып калат. Алар менен Азамат чогулуп аш, каймак жеп отурушат. Бир аздан кийин мен шеригимди чакырып келейин деп, сыртка чыгат. “Ээ, Ислам мен сени алып кеткени келдим, бол камынгын. Кийим-кечеңди ал, сени доктурга алып барып тапшырам” – деп Исламга айтат.

Балам арызыңды көрсөт, менин үстүмдөн ким арызданыптыр. Атам, агам, же ким арызданса, арызын көрсөт? – деп Ислам эшикти ичинен илип коёт. Участковый Азамат Каримов эшиктеги кашаанын бир стойкасын жулуп алганда, колунан кан агып кетет. Анан ошол таяк менен эшикти уруп, алакандай кылып талкалайт. Үйдүн ичине таш менен ыргыта берип, үйдүн ичи ташка толуп калат. Эшик жок, баары талкаланат. Силерден кутулбайт экемин, атам силерге көрсөтмө берсе, анда өлүп эле калайын деп, Ислам жарды көздөй качат. Артынан жетип, колундагы таяк менен башына урганда, башынан кан куюлуп агат. Келинчеги Гүлнара башындагы жоолукту алып байлайт, жоолук канга боёлуп калат.

Ал эми учурда Сузак райондук ИИБнүн убактылуу кармоо жайында жаткан Ислам Калиевдин келинчеги Алип кызы Гүлнара да сөзгө аралашып, кайын атасынын айткан сөздөрүн тастыктап, алар үйүндө олтурганда участковый Азамат келип, алар менен чогуу тамак жеп, анан Исламды алып кетүүгө аракет жасап, эшикти талкалап таяк менен уруп жатканда ортого түшө калса, аны түртүп жиберип, ар кандай уят, ыплас сөздөр менен сөккөнүн айтты. Алардын 5 баласы бар, жолдошу Ислам экөө тең эч жерде иштебейт, мал багуу менен гана күн өткөрүшөт.

- Мен 4-майда эртең менен нан жаптым. Анан эле үйдүн эшигинин алдына бир машина келип токтоп калды. Анвар деген кайнагам экен, ага даскторкон жайып, балдарым, жолдошум болуп чай ичип, божурашып отурганбыз. Түшкө жакын Азамат участковый келип калып, биз менен чай ичип отуруп эле, шеригим бар эле чакырып келейин деп, сыртка чыкты. Мен анын артынан чыктым. Жолдошум эшикте турган экен, ээ Гүлнара менин үстүмөн арыз жаздыңбы? – деп сурады. Мен арыз жазбагынымды айттым. Ислам үйгө кирип, эшикти ичинен култап алды. Азамат аке ага болбой кашаадан таякты жулуп алды да эшикти талкалап кирди. Мен ортого түшсөм мени уят сөздөр менен сөктү. Күйөм качканда, Азамат артынан барып башына уруп, анын башы жарылып, башымдагы жоолук менен таңдым. Ошого карабай каны токтободу. Эки колун байлап, иттей кылып сүйрөп, машинага салып алып кетишти”, - дейт Гүлнара.

Ушул эле көрсөтмөнү азыр камакта отурган Ислам Калиев да өзүнүн түшүнүк катында келтирген. Ошондой эле, аймактык тескөөчү Азамат аны 4-май күнү бир нече жолу уруп-согуп, Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнө алып келип камаган учурда ар кандай кыйноолорду жасаганын, колунда кишен болгондуктан, ага каршы тура албай, жалдыраганын, башынын ооруп жатканына карабай, медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүгүн, акыйкаттыкка жете албасын жазган.

Ал эми күбө болгон Анварбек облус прокурору Ө.Джамшитовго жазган түшүнүк катында койлорунан кабар алганы Чынгыз Калиевдин сарайына 2016-жылдын 4-майында баргандыгын, Чынгыздын иниси Исламдын үйүндө алар чай ичип отурганда аймактык тескөөчү Азамат Каримов келгендигин, Ислам үйдүн эшигин култап алып, эшикти ачпай койгондугун жана ал аймактык тескөөчү ичкериге кирүүгө аракет кылганын, Исламдын башы жарылып, башына арак куюп жатышканын көргөнүн, милициялар Исламды күч менен анын машинасында алып келишкенин жазган.  

Жалал-Абад облустук соттук медициналык экспертиза бюросунан Ислам Калиевдин жарааты боюнча эки жолу эксперттин корутундусу чыккан. Биринчиси, Сузак РИИБнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.А.Бөрүбаевдин токтомунун негизинде 4-май, 2016-жылдагы № 437 жана Сузак районунун прокурорунун жардамчысы А.Эргешовдун токтомунун негизинде 20-май, 2016-жылдагы № 512 экспреттин корутундулары чыгарылган.

Анда окуянын баяны мындайча көрсөтүлгөн: 2016-жылдын 4-май күнү Сузак ИИБнүн аймактык тескөөчүсү Азамат деген милиция кызматкери өзүнүн жардамчысы менен Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылында кой сарайга Калиев Мамадалинин чакыруусу боюнча барышып, Калиев Исламды алып кетебиз дегенде, ал үйгө кирип, ичинен жаап алгандыгын, анан милиция кызматкери үйгө кирип, Исламдын дене башына чапкылап ургандыгын көрсөткөн. Ошондой эле, анын башынын оң маңдай төбө чөйрөсүндө тырык, өлчөмү 1,3х2см экендиги көрсөтүлгөн. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, окуя 2016-жылдын 4-майында болжол менен саат 12.00 чамасында болгон.

 “Эми ошол участковый Азаматты прокурор да сурабай жатат. Бир күн болсо да, участковыйдын формасын чечип, баламын жанына жаткырсын, же болбосо башка кылбайбы? Облус прокурору кабыл алып, мени укту. Сузактын прокуроруна телефон чалып, участковыйды да суракка алгыла, экөөнү жараштыруу жолу менен ишти жакшы жагына чечип бергиле деди. Мен муну угуп, ыйлап батамды бердим. Анан Сузакка барып, прокурорго кирдим. Көргөндөр келип, окуя жөнүндө түшүнүк кат жазып берсин, андан кийин балаңызды чыгарабыз деди. Алар келип түшүнүк кат жазып беришти. Бирок, карга карганын көзүн чукубагандай эле, милицияны эч ким суракка албайт экен. Түшүнүк катты тосмо арызды баарыбыз жаздык, балам жарашалы, кечир деп жазсак, тосмо арызды тергөөчүнүн айтканы менен көчрүрүп жазып бергенден кийин, балаңызды прокурорго алып барат, андан кийин балаң чыгат деп убада кылышкан. Келинге дагы башкача кылып, тергөөчүнүн жазганын көчүртүп, кол койдуртуп алгандан кийин, эми балаңыз чыкпайт дешти. Убара болбоңуз соттон кийин гана балаңыз чыгат деп алдап, арадай ишти чарадай кылып, ишти бүтүрбөй коюшту”, - дейт аксакал.

Бул маселе боюнча жергиликтүү “Сентябрь” ТРКСында кеңири материал кеткен. Ошого карабастан, чындыгына жетпей жаткан Мамадали аксакал уулу Исламды камактан чыгарып алуу үчүн Бишкекке чейин барарын, бир да тыным албай күрөшө тургандыгын журналисттерге билдирди.

Маалымат жыйындын соңунда келген Сузак РИИБнүн жетекчиси Нурбек Жаныбековдун айтымында, аймактык тескөөчүнү И.Калиевдин атасы М.Калиев өзү телефон аркылуу “балам мас болуп алып, аялын уруп жатат. Өлтүрүп койбосун, ажыратып койгула!” – деп чакырган. Мас абалдагы Исламды таштап кетишсе, аялын өлтүрүп койбосун деген максатта аны өздөрү менен чогуу алып кетүүнү көздөшкөн.

“Аймактык тескөөчү Азамат Каримов тосмо арыз жазып берем дегенде мен жаздырбай, токтотуп койдум. Качанга чейин бизди ар кандай ушактар менен жалаа жаап, “кой сурады, акча сурады” – деп, эле жаманатты кыла беришет. Ар ким өз кылганы үчүн жооп бериши керек. Жарашып алса, кайра эле участковыйды камабайсынбы? – деп бизди кыйнай берет. Ошол себептен, жарашууга мен уруксат берген жокмун”, - деди Н.Жаныбеков.

Анархан Жаңыбаева, "Көк-Арт Инфо" Маалымат борбору.       

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...

АНАЛИТИКА 2016-08-26  15:35