KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча олимпиада өттү (ФОТО)

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча олимпиада өттү (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда хадис сабагы боюнча облустук масштабда уюштурулган олимпиада  казыяттын жыйындар залында болуп, сынакка медреселерде 1-орунду багындырып, жолдомо алган студенттер катышты. Бул тууралуу казыяттын басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын негизги максаты – өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга колдоо көрсөтүү, жаштардын хадис cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, хадистен өрнөк алып өз жашоолорунда пайдалануу жана диний окуу жайлардын окуучулары арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, сабак боюнча класстан тышкары иштерди активдештирүү, сабактарды тереӊдетип окууну жогорулатуу, сабакты изилдөө иштерине жөндөмдүү окуучуларды тартуу болуп саналат.

Ошондой эле мындай иш чаралардын өтүшү  медреселерде билим берип жатышкан мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, тажрыйба алмашуу, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын жана Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү багыттарын жакшыртуу болуп саналат.

Сынактын жүрүшү боюнча атайын казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилди. Сынак Имам Ан-Нававинин 40 хадис китебинин негизинде 1-курстар үчүн кыргызча 20 хадис, 2-курстар үчүн арабча 20 хадис, ал эми 3-4-курстар үчүн 40 хадисти жатка айтуу боюнча 3күн жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, 1-курстардан 5 студент, 2-курстардан 5 студент 1-2-3-орун боюнча жарышышып, 2-3-турларына катышмай болду, ал эми 3-4-курстар боюнча  1-2-3-орундары аныкталды, бирок, аты-жөнү азырынча жашыруун бойдон калмакчы, анткени, сыйлыктарды тапшыруу аземинде жарыяланат.

Хадис сабагы боюнча олимпиаданын Жобосуна ылайык орунду багындырган студенттер дипломдор, номинациялар жана белектер менен сыйланышат, ал эми сынакка катышкан студенттер казыяттын сертификатына ээ болушат. Мындан тышкары 40хадисти толук жаттаган студенттерге ижаза алуу үчүн казыят тарабынан жолдомолор берилет.

Эске салсак, буга чейин Хадис сабагы боюнча диний окуу жайларда олимпиада өткөрүлүп, облустук турга жолдомо алган студенттер катышты. Мындан тышкары облус казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен Адеп-ахлак сабагы боюнча олимпиада  уюштурулган болчу. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13