KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

ЖАЛАЛ-АБАД: АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалымат таркатуу кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп келген миграция кызматтары кайрадан иштеши керек. Бул тууралуу Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды.

Координациялык кеңеште шаардагы мектептерде, жаштар жана ата-энелер арасында адам сатуу көйгөйлөрү улам күчөп баратканын жана бул көйгөй ар бир адамга, үй-бүлөгө байланыштуу болуп калышы ыктымалдыгын түшүндүрүү, жаштарды зордук-зомбулуктардан сактап калуу боюнча алдын ала чараларды чогуу жүргүзүү жагы талкууланды.

Биринчи кезекте мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында коомчулуктун, атайын адистердин, коомдук бирикмелер менен дин уюмдарынын, маалымат таркатуу кызматтарынын өкүлдөрү менен чогуу иш алып баруу, тийиштүү маалыматтарды элге туруктуу жана кеңири жеткирүү чараларын камсыз кылуу боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү бир пикирге келишти.

Талкуу учурунда аймактарда мурда миграция кызматтары иштеп, эл арасында тийиштүү чараларды жүргүзүп келгени, кийин алар жоюлуп кетип, азыр бул милдетти конкреттүү бир дагы кызмат же кызмат адамы жүргүзбөй жатканы айтылды. Кала берсе, атуулдар миграция боюнча так маалыматтарды кимден, каерден  алууну билишпейт. Ошондуктан, жогорку бийлик органдарына бул кызматты аймактарда кайра иштетүү талабын берүү сунушталды.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү быйылкы экинчи жарым жылдыкта жүргүзүлүүчү иш-чаралардын планын талкуулашып, бир катар кошумча сунуш-пикирлер менен бекитишти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңеши түзүлүп, анын жобосу жана курамы бекитилген.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН  КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Бүгүн, 13-июнда Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында июнь коогалаңында каза болгондор...

КООМ 2018-06-13  18:51

Кадыров юморист Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды

Кадыров юморист Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды

Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров юморист Семен Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды....

КООМ 2018-06-13  19:06

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бир жарым миңдей студент Бишкек шаарынын борбордук аянтында ала качууга каршы...

КООМ 2018-06-07  14:06

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис...

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис...

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен  облус...

КООМ 2018-06-07  19:50

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы болуп өттү (ФОТО)

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы болуп өттү (ФОТО)

Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу «Алгачкы ийгилигим»...

КООМ 2018-06-02  19:08

Район, шаарлардын баш имам хатибдери жарым жылдык отчетторун...

Район, шаарлардын баш имам хатибдери жарым жылдык отчетторун...

Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун аймактарды өнүктүрүү жылынын...

КООМ 2018-05-29  09:46

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

Үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот...

КООМ 2018-05-24  08:11