KELECHEK
rek

Жон Маккейн тууралуу тамашалаган Трамптын кеңешчиси Ак үйдөн кетти

Жон Маккейн тууралуу тамашалаган Трамптын кеңешчиси Ак үйдөн кетти

Дональд Трамптын коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси Келли Сэдлер

АКШ президенти Дональд Трамптын коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси Келли Кэдлер 81 жаштагы сенатор Жон Маккейндин дарегине орунсуз тамаша айткандан кийин Ак үйдөн кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Өткөн айда жыйында сөз сүйлөгөн Сэдлер Чалгындоо кызматынын башчылыгына президент тараптан көрсөтүлгөн талапкер боюнча Маккейндин нааразылыгын көңүлгө албоону сунуштаган. «Өлүп бараткан саясатчынын пикири» маанисиз экенин айткан Сэдлердин бул сөздөрүн ММКлар жарыялап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Ак үй президенттин кеңешчисинин бул айткандарын төгүндөөдөн дагы, ырастоодон дагы баш тарткан. Азырынча Сэдлердин кызматтан алынгандыгы же өз каалоосу менен кеткендиги кабарлана элек.

Былтыр мээсинде айыкпас рак табылган Маккейн Трамптын администрациясынын ырааттуу сынчыларынын бири болуп келет. Вьетнамда 5 жыл туткунда болуп, кыйноолорго кабылган сенатор кесиптештерин Чалгындоо кызматынын башчылыгына көрсөтүлгөн Жина Хаспелдин талапкерлигине каршы добуш берүүгө үндөгөн.

Трамп 2015-жылы Маккейндин сиңирген эмгектерин тааныбай турганын айткан. «Ал туткунга түшүп калгандыгы үчүн гана согуштун баатыры деп эсептелинет. Мага болсо туткунга түшпөгөндөр жагат», — деген анда президент.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...