KELECHEK
rek

Өзбекстанда мурдагы прокурордун иши боюнча 25 кишиге айып тагылды

Өзбекстанда мурдагы прокурордун иши боюнча 25 кишиге айып тагылды

Өзбекстан Башкы прокуратурасы журналисттер үчүн брифинг өткөрүп, Кадыровдун иши боюнча жалпысынан 24 кишиге айып тагылганын, анын ичинен 21и камакка алынганын кабарлады.

Башкы прокуратуранын Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мансур Ураловдун айтымында, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал пара алуу жана башка кылмыштарга шектелүүдө.

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров 22-февралда кармалган. Ага карата “Опузалоо”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Пара талап кылуу” беренелери менен айып тагылган.

20-мартта Рашид Кадыровдун иши боюнча жалпысынан 25 киши кармалганы, алардын арасында атайын кызмат, прокуратура жана салык инспекциясынын кызматкерлери бар экени айтылган.

Буга чейин өз булактар Рашид Кадыров уулу Алишер Кадыровго каршы көрсөтмө бере баштаганын билдиришкен. ИИМ анын уулу Алишер Кадыровго быйыл марттын башында эл аралык издөө жарыялаган. ​Ал опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.

​Башкы прокуратурадагы булактардын маалыматына караганда, Рашид Кадыров менен анын уулунун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар тарабынан жалпысынан жарым миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага доо арыз жазылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...