KELECHEK

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бир жарым миңдей студент Бишкек шаарынын борбордук аянтында ала качууга каршы акция өткөрүштү. Алар колуна «Биз кыз ала качууга каршыбыз», «Ала качуу салт эмес, кылмыш» деген жазууларды кармап чыгышкан. Акция концерттик шоу-программа менен коштолду.

Акцияга Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышты.

Министр мындай флешмобдор борбор калаа менен эле чектелип калбастан, өлкөнүн башка аймактарында да өтө турганын айтты. Ал мугалимдер да окуучуларга ала качуу тууралуу лекция окуй турганын кошумчалады. Иш-чара асманга шарларды учуруу менен аяктады.

Кыз ала качуу көйгөйү Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин коомчулукта кайрадан катуу талкууга жем таштаган.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши кармалгандан кийин аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыздардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу көйгөйүн күн тартибине алып чыкты.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Улуттук коопсуздук...

КООМ 2019-01-22  21:12

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Кыргызстанда ак калпакка "өлкөнүн маданий...

КООМ 2019-01-21  11:02

Министр труда и социального развития Улукбек Кочкоров провел встречу...

Министр труда и социального развития Улукбек Кочкоров провел встречу...

Накануне, 20 января в рамках рабочего визита в Ошскую область министр труда и социального развития...

КООМ 2019-01-21  12:01

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына...

КООМ 2019-01-21  15:43

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

Түркмөнстандагы суу эсептегич

Ашхабаддын тургундары мурдагы жылдары пайдаланган суу...

КООМ 2019-01-21  15:52

Мирзиёев быйыл чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт

Мирзиёев быйыл чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт

Быйыл Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чет...

КООМ 2019-01-21  15:55

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга...

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-январда бир катар кыргызстандыктарга...

КООМ 2019-01-18  02:54