KELECHEK

Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллар грант бөлөт

Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллар грант бөлөт

Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Пекин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) грант берет.

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот.

Мындан тышкары, Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык казуу, реставрациялоо, консервациялоо иштери үчүн 100 миллион юань бөлүнөт.

Экономика министрлиги Бишкектеги жолдорду оңдоо иштери үч фазада ишке ашарын, учурда биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын түшүндүрдү. Гранттык 350 юань кайсы фазада колдонулары кошумча келишим менен аныкталат.

2018-жылы Бишкекте 105 чакырымга созулган 50дөн ашуун көчөнү оңдоо пландалууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Боронов: “Коопсуз шаар” долбоорун күзүндө баштайбыз

Боронов: “Коопсуз шаар” долбоорун күзүндө баштайбыз

Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов...

ЭКОНОМИКА 2018-06-13  18:23

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

Кыргызстан жай мезгилинде Өзбекстанга электр энергиясын сатууну улантат. Бул тууралуу “Электр...

ЭКОНОМИКА 2018-06-08  16:49

Стамбулда «көмүскө банкирлер» түркмөн VISA карталарынан акча чыгарып...

Стамбулда «көмүскө банкирлер» түркмөн VISA карталарынан акча чыгарып...

Стамбулда Түркмөн банктары тарабынан берилген VISA карталардан 16...

ЭКОНОМИКА 2018-06-07  14:22

«KAZ Minerals Bozymchak» компаниясында тинтүү жүрдү

«KAZ Minerals Bozymchak» компаниясында тинтүү жүрдү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик...

ЭКОНОМИКА 2018-06-07  17:47

Бишкектеги соода борборлорунун биринде көмүскө оюн-зоок жайы табылды

Бишкектеги соода борборлорунун биринде көмүскө оюн-зоок жайы табылды

Ош базарындагы «Фрунзе+» соода борборунда мыйзамсыз оюн-зоок клубу...

ЭКОНОМИКА 2018-06-04  17:59

АКШ түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салды

АКШ түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салды

АКШ Түркмөнстан пахтасы жана анын кошулмалары бар буюмдарга тыюу...

ЭКОНОМИКА 2018-05-29  02:07