KELECHEK

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен күздүн ортосунда барат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденевге шилтеме кылып жазышты.

«Сапар күздүн ортосуна белгиленди, болжол менен октябрда болот. Азырынча расмий ырастама жок болгондуктан, так датасын айтуу кыйын. Бирок орус президентинин сапары макулдашылган», — деди элчи.

Бүгүнкү күндө Орусия соода-экономикалык жактан Өзбекстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Учурда өлкөдө орусиялык капитал катышкан 960 ишкана иштейт. Өзбекстандын Соода — өнөр-жай палатасынын божомолуна ылайык, жыл соңуна чейин бул сан миңден ашат. Өз кезегинде Орусияда 560тан ашык өзбек ишканасы иштеп жатат.

Өзбекстан Орусия менен товар алмашуу жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунда. 2017-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 3,6 миллиард долларды түзүп, 33,9% өскөн.

Быйыл январь-февраль айларында эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 50,2% өсүп, дээрлик 600 миллион долларга жеткен. Орусиянын экспорту 59,7%, импорту – 28,1% жогорулаган. Ошол эле маалда Орусиянын Өзбекстанга салган инвестицияларынын жалпы көлөмү 8,5 миллиард доллардан ашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Абэ менен Путин Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Абэ менен Путин Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен...

ДҮЙНӨ 2019-01-22  22:43

Мирзиёевдин Германияга жасаган сапарынын алкагында 9 документке кол...

Мирзиёевдин Германияга жасаган сапарынын алкагында 9 документке кол...

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель...

ДҮЙНӨ 2019-01-22  23:05

Кремль: Куриль аралы боюнча Жапония менен сүйлөшүү татаалдашты

Кремль: Куриль аралы боюнча Жапония менен сүйлөшүү татаалдашты

Юрий Ушаков

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында,...

ДҮЙНӨ 2019-01-21  11:05

Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды

Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй...

ДҮЙНӨ 2019-01-17  14:57

Британия парламенти Треза Мэйге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт

Британия парламенти Треза Мэйге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт

Тереза Мэй

Британ оппозициялык партиясынын лидери Жереми Корбин парламентке...

ДҮЙНӨ 2019-01-16  16:32

Пашинян Армения премьер-министри болуп дайындалды

Пашинян Армения премьер-министри болуп дайындалды

Армения президенти Армен Саркисян Пашинянды...

ДҮЙНӨ 2019-01-15  13:52