KELECHEK

Түркмөнстанда туздуу бороондун кесепеттери жоюлууда

Түркмөнстанда туздуу бороондун кесепеттери жоюлууда

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда жергиликтүү дыйкандар менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери өткөн дем алыш күндөрү аймакты каптаган туздуу бороондун кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 29-майда дыйкандар менен бюджетте иштегендер таң эрте пахта талаалары менен бакчаларга барып, жалбырактардагы туз катмарларын жууп башташты.

27-майда Дашөгүз облусунда туздуу бороон болуп, пахта жана буудай талааларын, ошондой эле жемиш бактарын каптап калган. Айрым айылдарда туз катмарынын калыңдыгы 1 сантиметрге чейин жеткен.

«Тыт жыгачтарынын жалбырактарын туз каптап калгандыктан, аны жибек көпөлөктөр жебей жатышат. Бул ансыз деле чыгым тартып жибек көпөлөктөр менен алектенип жаткан адамдарга кошумча кыйынчылыктарды жаратууда. Азыр тыттын ар бир жалбырагын жууп, кургаткандан кийин гана көпөлөктөргө берип жатышат. Андан тышкары жайыттарды дагы туз каптаган. Андагы чөптү мал жебей, малчылар чоң зыян тартканы турат. Эгер жамгыр жаап тузду жууп кетпесе, өтө кыйын болот», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

Ал ортодо түркмөн бийлиги бул жаратылыш кырсыгы жана анын кесепеттери тууралуу эч кандай маалымат таркаткан жок. Азырынча зыянга учураган дыйкандар менен малчыларга бийлик тарабынан жардам берилээр-берилбеси белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казак президенти Түркияда эс алып жүргөнү кабарланууда

Казак президенти Түркияда эс алып жүргөнү кабарланууда

Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты “казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги...

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жол станциясынан алыс эмес жерде табылган беш жаштагы...

Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда

Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда

Мария Бутина

АКШда “орусиялык агенттер” менен иштөөгө...

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Өзбекстандын Ташкент шаарынан...

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабаддын бир катар кичи райондорундагы эки кабаттуу турак жайлар...