KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу маселени кечээ сессияда карашты.

Сессия жыйынында белгилүү болгондой, 2016-жылга  жергиликтүү бюджет 325 миллион сомго бекитилген. Бирок бюджеттин аткарылышына келгенде бекитилген каражаттын 311 миллион сому гана иштетилип, чыгаша жагы 95 пайыз аткарылган, анын жүйөөлү себептери болгон. Анан да 11 миллион сом каражат артып, ал кийинки жылга өткөрүлгөн.

Ал эми 2017-жылы шаар бюджетинин кеч бекитилгендигине байланыштуу чыгашанын 80 миллион сому аткарылбай калып, быйылкы жылга өткөрүлгөнү айтылды.

Жалал-Абад шаардык кенешинин сессиясында депутаттар өткөн 2016-2017-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту угуп жана талкуулап, аны канааттандырарлык деп табышты.

Ошондой эле депутаттар бюджеттин аткарылышы боюнча айрым кетирилген кемчиликтерге токтолуп, аларды жоюу боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 305 миллион сом, жалпы бюджеттин көлөмү 382 миллион сом болуп бекитилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарында курулуш тармагына көп каражат жумшалууда.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда беш кабаттан төмөн турак-жай курууга тыюу салынды

Тажикстанда беш кабаттан төмөн турак-жай курууга тыюу салынды

Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  17:55

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

30-июлда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  18:00

Ош шаарынын мэри тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

Ош шаарынын мэри тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

Кечээ, 31-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Мурас” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  21:26

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө...

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө...

Казакстан Айыл чарба министрлиги 26-июлда Орлов, Ростов жана Нижегород облустарынан куш...

ЭКОНОМИКА 2018-07-27  18:31

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

ЭКОНОМИКА 2018-07-26  11:04

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

Жарым жылда Жалал-Абад шаарынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына 1 миллиард 648,6 миллион сомдук...

ЭКОНОМИКА 2018-07-26  12:22