KELECHEK

Ашхабад: ун менен кант кезеги мушташ менен коштолууда

Ашхабад: ун менен кант кезеги мушташ менен коштолууда

Ашхабадда азык-түлүк каатчылыгынан улам  дүкөндөрдө узун кезек жаралууда. Бул күндөрү кезекке тургандар айрым учурда урушуп, мушташып жатканын көрүүгө болот.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бир килограмм кант, бир килограмм ун, бир бөтөлкө суу май сатып алуу үчүн шаар тургундары дүкөндөргө таң ата электе келишүүдө. Кезек талашкан аялдар урушуп эле тим болбой, бири-биринин бетин тытканга чейин барышууда.

Соңку мезгилде азык-түлүк дүкөндөрүнүн алдында полиция менен атайын кызмат өкүлдөрүнүн саны көбөйдү.

«Ар бир дүкөндүн жанында 5-6 киши турат. Бирок мушташып жаткан аялдар менен алардын иши жок. Алар кезекке тургандар болуп жаткандарды сүрөткө тартып алышпасын деп турушат. Өлкөдөгү кыйынчылыктарга бийлик санааркабайт. Алар бул жагдай чет өлкөлөргө билинбесин, интернетке жазылбасын деп кабатыр болушат", - деди ашхабаддык тургун.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казак президенти Түркияда эс алып жүргөнү кабарланууда

Казак президенти Түркияда эс алып жүргөнү кабарланууда

Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты “казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги...

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жол станциясынан алыс эмес жерде табылган беш жаштагы...

Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда

Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда

Мария Бутина

АКШда “орусиялык агенттер” менен иштөөгө...

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Өзбекстандын Ташкент шаарынан...

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабаддын бир катар кичи райондорундагы эки кабаттуу турак жайлар...