KELECHEK

Трамп: Түндүк Кореянын "мүмкүнчүлүктөрү жогору"

Трамп: Түндүк Кореянын

Дональд Трамп Түндүк Кореяга америкалык расмий топ барганын ырастады. Бул тууралуу АКШнын президенти "Твиттердеги" баракчасына жазып, өкүлдөр Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болчу жолугушууга даярдык көргөнү барганын билдирди. Бул маалыматты мурдараак Мамдепартамент да тастыктаган болчу. Ага ылайык, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Түштүк Кореяга чектеш Пханмунжом шаарында өтөт.

Трамп "Түндүк Кореянын жогорку мүмкүнчүлүктөрүнө, келечекте экономикалык жана каржылык жактан өнүккөн өлкө болоруна ишенерин" билдирип, "Бул жагынан Ким Чен Ын мени менен макул. Ушундай болот!" деп жазган.

24-майда Ак үй Трамп Түндүк Кореянын лидери менен күтүлүп жаткан саммитин токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган. Бирок ишембиде президент Ким Чен Ын менен болжолдошкон убакта жолугушуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирген.

26-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Бул кездешүүдөн кийин расмий Сеул Ким 12-июнга белгиленген саммитти өткөрүүгө макул болгонун кабарлаган.

Андан көп өтпөй Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги да Ким Чен Ын "Трамп менен жолугушуу өтүшү керек" деген "бекем эркин" билдиргенин жазып чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу...

ДҮЙНӨ 2018-10-19  02:23

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы...

ДҮЙНӨ 2018-10-17  05:36

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Сирия оппозициясынын өкүлү. 31-август, 2018-жыл

Түркия буга чейин орус жана...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  01:03

Транс-чек ара суу агымдары боюнча Конвенция Бюросунун төрагалыгы...

Транс-чек ара суу агымдары боюнча Конвенция Бюросунун төрагалыгы...

Казакстан транс-чек ара суу агымдарын жана эл аралык...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  01:47

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук биринчи жолу Орусияда колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз топтоп, иликтеп, андан...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  09:26

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 15 аскер мерт болду

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 15 аскер мерт болду

Ооганстандын Кундуз провинциясындагы талибдердин чабуулунан өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кеминде...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  15:03

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Президент Дональд Трамп АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан...

ДҮЙНӨ 2018-10-11  02:38