KELECHEK

АКШ түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салды

АКШ түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салды

АКШ Түркмөнстан пахтасы жана анын кошулмалары бар буюмдарга тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын бажы жана чек ара көзөмөлү кызматынын сайтында айтылат. Тиешелүү чечим 18-майда эле кабыл алынган, бирок эми гана белгилүү болду.

Америка мыйзамдарына ылайык, АКШга кулдардын жана балдардын эмгеги колдонулган жана эмгек кодекстерин бузуу менен өндүрүлгөн товарларды алып кирүүгө тыюу салынат.

Америкалык белгилүү Crowell & Moring юридикалык компаниясы бул чектөөнү "Пахта кампаниясы", “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” жана Эмгек укуктары эл аралык форумунун петициясына байланыштырууда. Алар АКШ мыйзамдарына таянып, түркмөн пахтасын импорттоого тыюу салууну сунушташкан.

Петицияга кол койгондор түркмөн өкмөтү бюджет кызматкерлерин жана 10-15 жаш курактагы балдарды мажбурлоо жолу менен ырааттуу түрдө пахта теримге мажбурлай турганын билдиришкен. Мындан тышкары бийлик бул көйгөйдү чагылдырган журналисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктап келери айтылган.

Буга чейин H&M, IKEA, Inditex жана VF түркмөн пахтасын жана текстилин колдонуудан баш тарткан. “Пахта кампаниясынын” башчысы Мэттью Фишер-Дали Түркмөнстандагы пахта индустриясы боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. Анын билдиришинче, бийлик бул маселени катуу көзөмөлдөйт, жарандар болсо ачык сүйлөөдөн коркушат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдик Google корпорациясына 5 миллиард доллар айып салды

Евробиримдик Google корпорациясына 5 миллиард доллар айып салды

Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы...

ЭКОНОМИКА 2018-07-20  17:15

Казакстандык 65 миллион еврого Парижден батир сатып алганы тастыкталды

Казакстандык 65 миллион еврого Парижден батир сатып алганы тастыкталды

Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитети Париждеги 65 миллион евролук батирдин ээсин тапты, бирок...

ЭКОНОМИКА 2018-07-20  17:26

АРАБ ИШКЕРЛЕРИ ЖАЛАЛ-АБАДГА КЫЗЫГЫШАТ(ФОТО)

АРАБ ИШКЕРЛЕРИ ЖАЛАЛ-АБАДГА КЫЗЫГЫШАТ(ФОТО)

Сауд Арабиядан келген ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында ишкердикти өнүктүрүүгө, туризм...

ЭКОНОМИКА 2018-07-18  15:02

ЖАЛАЛ-АБАД: ЧЕХОВ КӨЧӨСҮН  КЕҢЕЙТҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЧЕХОВ КӨЧӨСҮН КЕҢЕЙТҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы эң көйгөйлүү делген Чехов көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы башталды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2018-07-18  15:09

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕПИЛДИК ФОНДДОН КАНЧА ПАЙДА АЛЫНДЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕПИЛДИК ФОНДДОН КАНЧА ПАЙДА АЛЫНДЫ?

Быйылкы жарым жылда Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан “Кепилдик фонд Жалал-Абад” коомдук...

ЭКОНОМИКА 2018-07-18  15:13

Тажик-ооган чек арасында дагы бир көпүрө курулат

Тажик-ооган чек арасында дагы бир көпүрө курулат

2019-жылы жазында тажик-ооган чек арасында Пянж дарыясы аркылуу өтө...

ЭКОНОМИКА 2018-07-17  05:48